Мазмунун көрсөтүү

Людмила Пономаренко

15-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

71 жаштагы Людмила Пономаренкого каршы козголгон кылмыш иши каралууда

71 жаштагы Людмила Пономаренкого каршы козголгон кылмыш иши каралууда

Өкүм жарыяланчу күн

Ростов-на-Донудагы Ленин райондук соту жакында Людмила Пономаренконун ишине байланыштуу чечим чыгарат a.

Жеке маалымат

Людмила Пономаренко

  • Туулган жылы: 1950 (Ола айылы, Магадан облусу)

  • Кыскача таржымалы: Ардактуу эс алууга чыкканга чейин заводдо электрик болуп иштеген. Эки кызы, эки небереси бар. Китеп окуганды, токуганды жакшы көрөт. Ден соолугу начар жолдошуна кам көрөт.

  • Жараткандын ысымы бар экенин билгенде абдан таасирленген. Кудайдын жерге жана адам баласына байланыштуу ой-ниети жүрөгүн козгогон. 1998-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

Иштин чоо-жайы

2019-жылы 6-июнда Людмила Пономаренкого каршы кылмыш иши козголгон. Ал «экстремисттик» деп эсептелген уюмдун жолугушууларын өткөрүүгө үйүн бергени үчүн жана башкаларга Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө айтканы үчүн айыпталууда.

Людмила бир тууганыбыз Орусиядагы башка ишенимдештери сыяктуу эле куугунтукталарын жакшы билген. Ал: «Бийликтегилер Москвадагы коомубузду жана Таганрогдогу ишенимдештерибизди куугунтуктай баштаганда, эртеби-кечпи, мындай нерсе ар бирибиздин башыбызга түшөрүн түшүндүм»,— дейт.

COVID-19 пандемиясынын учурундагы чектөөлөрдөн улам Людмила бир тууганыбызга жөлөк-таяк болуш үчүн ишенимдештери сотко бара алган жок. Бул туурасында ал мындай дейт: «Сотто жалгыз болорумду ойлоп бир аз корктум, тынчсыздандым. Ошон үчүн сотко баратканда Падышалыктын ырларын акырын кыңылдап ырдаганды жана Жахабадан тиленгенди адат кылып алдым. Ушул нерселердин мени күч-кайратка толтурарын байкадым. Сот залында отурганда жан дүйнөм тынч болуп, сот отуруму көз ирмемде эле өтүп кетип жаткандай болду».

Кылмышкер катары каралып жатканы Жахабанын Күбөсү эмес жолдошуна жана эки кызына кандай таасир эткени жөнүндө Людмила мындай дейт: «Алар менин эмне үчүн соттолуп жатканымды түшүнө албай кыйналышты. Куугунтуктун айынан ден соолугум начарлап кеткендиктен, мени ойлоп сарсанаа болуп жатышты. Бирок убакыттын өтүшү менен алар адилетсиз түрдө айыпталып жатканымды түшүнүп, мага жөлөк боло башташты. Бул мага баарын көтөрүп кеткенге кадимкидей дем берип жатат».

Куугунтукталса да, Людмила бир тууганыбыз ынтасынан жазган жок. Ал мындай дейт: «Жүрөгүмдөгү кубанычым ашып-ташып турат. Ошон үчүн башыман өткөрүп жаткан кыйынчылыктарды да, Ыйык Китепте айтылган келечекте боло турган окуяларды да ойлоп коркпойм. Жахаба менен болгон мамилем ого бетер бекем болуп калды. Тиленүүлөрүм мурункудан да маңыздуу, узагыраак болуп калды. Жахаба менен Атам менен сүйлөшүп жаткандай сүйлөшөм».

Жахабанын Людмила бир тууганыбызга ыйык рухун мындан ары да төгө береринен шектенбейбиз. Ошондой эле анын «Кудурети Күчтүүнүн көлөкөсүнөн жай табарынан» да күмөн санабайбыз (Забур 91:1).

a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.