Мазмунун көрсөтүү

Валентина жолдошу Владимир менен

9-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

73 жаштагы ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн айыпталууда

73 жаштагы ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн айыпталууда

Өкүм жарыяланчу күн

 Челябинск шаарынын Металлургический райондук соту жакында Валентина Суворованын a ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жеке маалымат

 Валентина Суворова

  •  Туулган жылы: 1948 (Соровское айылы, Курган облусу)

  •  Кыскача таржымалы: Челябинсктеги музыкалык мектепте 30 жылдан ашуун мугалим болуп иштеген. Азыр ардактуу эс алууда. Бакчада иштегенди, бийлегенди, ыр укканды жакшы көрөт.

     1973-жылы Владимирге турмушка чыккан. Алардын уулу Игорь рактан бир нече жыл мурун каза болгон. Жакында эле энеси жана эжеси кайтыш болду.

Иштин чоо-жайы

 2019-жылдын 26-мартында куралданган полиция кызматкерлери Челябинсктеги жана Еманжелинсктеги ишенимдештерибиздин 20дан ашуун үйүн тинтишкен. Узакка созулган тергөө ишинен кийин Валентинага (азыр ал 73кө таяп калды) Ыйык Китеп окуганы, билгендерин башкаларга айтканы үчүн 2019-жылдын 5-декабрында кылмыш иши козголгон. Ага башка жакка чыгууга чектөө коюлган. Жолдошу Владимирге да Кудайга ишенгени үчүн кылмыш иши козголгон.

 Куралданган полиция кызматкерлери алар уктап жатканда кирип келишкен. Ошол учурду эскерип, Валентина мындай дейт: «Биз жууп-таранганга, кийингенге чейин эле, алар үйүбүздү аңтарып-теңтерип жиберишти. Ар бир бурчту, шкафтарды, кутуларды, капчыктарды, чөнтөктөрдү тинтишти... Казандардын ичин, атүгүл терезе пардаларды, биз жаткан керебетти текшеришти. Эч нерсе калтырбай карап чыгышты!»

 Валентинанын жашы өр тартып калган жана ден соолугу начар. Ошондуктан ал куугунтуктун анын акыбалын ого бетер оорлотуп жибереби деп тынчсызданган.

 Валентинага рухий күн тартиби, Ыйык Китепти изилдегени дем-күч берген. «Күндөлүк аятты окуп, ой жүгүрткөнүм, билгендеримди иш жүзүндө колдонгонум бардык кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берди»,— дейт ал.

 Ошондой эле жолугушууларга даярдануу, катышуу, өздүк изилдөө, үй-бүлөлүк сыйынуу оор учурда туруктуу болгонго зор салым кошконун да айтты. Ал: «Ар бир жолугушуудан жаңы нерселерге үйрөнөм»,— деп кошумчалаган. Андан сырткары, аны Кудайдан жалындуу тиленгени сооротконун айткан. Анан: «Кудайга жардам бергени үчүн ар убак ыракмат айтам»,— деген.

 Валентина дайыма: «Коркконго бир да себеп жок. Ишеним жолунда бекем, күчтүү болуп, Матай 6:33төгү, 2 Корунттуктар 1:3, 4төгү кеңешке ылайык иш кыл»,— деп өзүнүн да, башкалардын да эсине салып турат.

 Орусиядагы ишенимдештерибиз, анын ичинде Валентина менен Владимир Забур 64:10догу сөздөрдүн чын экенин далилдеп жатышат. Аятта: «Адил адам Жахабанын иштерине кубанат, аны баш маана кылат, жүрөгү тазалардын баары мактанышат»,— деп жазылган.

a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.