26-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ
77 жаштагы Владимир Филиппов алты жарым жылга кесилиши мүмкүн
Өкүм жарыяланчу күн
2021-жылдын 27-январында a Приморье крайындагы Надеждинск райондук соту Владимир Филипповдун ишине байланыштуу чечим чыгарат. Ал алты жарым жылга түрмөгө камалышы ыктымал.
Жеке маалымат
Владимир Филиппов
Туулган жылы: 1943 (Октябрьск, Новосибирск)
Кыскача таржымалы: Атасы ал төрөлгөнгө чейин Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон. Владимир 1964-жылы Томсктогу артиллериялык окуу жайын бүтүргөн. 1967-жылы Любовь деген кызга үйлөнгөн. Аскердик кызматта 27 жыл болгондон кийин ардактуу эс алууга чыккан
Ыйык Китепти 1994-жылы аялы изилдеп баштагандан көп өтпөй изилдей баштаган. Кийинки жылы экөө тең чөмүлгөн
Иштин чоо-жайы
2017-жылы, август айында Раздольное кыштагындагы бийлик өкүлдөрү Владимир менен башка ишенимдештерибиздин сүйлөшкөндөрүн жашыруун аудиого жаздырып, видеого тартып алышкан. Алар бир нече ай бою Владимирдин жолугушууларда айткан сөздөрүн, жакындары менен Ыйык Китеп жөнүндө талкуулагандарын жазып жүрүшкөн.
2018-жылдын 19-июлунда куралданган, беткап кийген Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФКК) Владимирдин үйүнө кирип келишкен. Кызматкерлер аны, 75 жаштагы абышканы, бетке муштаган. Анан бети менен жерге жаткырып, колдорун артка кайрып, кишендеп коюшкан. Андан соң үйүн тинтишкен. Анын үйү 2 жолу: 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын январында тинтилген. Владимирге үйү экинчи жолу тинтилгенден кийин кылмыш иши козголгон.
Жахаба Кудайыбыз ал ишенимдештерибизге кубанычын жоготпош үчүн күч бере берсин деп тиленип турабыз! (Ышая 40:29, 31)
a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.