Мазмунун көрсөтүү

15-СЕНТЯБРЬ, 2015-ЖЫЛ
ОРУСИЯ

Таганрогдогу Жахабанын Күбөлөрү кайрадан соттолууда. Адилетсиздик качан бүтөт?

Таганрогдогу Жахабанын Күбөлөрү кайрадан соттолууда. Адилетсиздик качан бүтөт?

Таганрогдогу 16 Жахабанын Күбөсүнүн кайра каралган сот иши соңуна чыгып баратат. Бул иштин каралып жатканына 2 жылдан ашты. Жахабанын Күбөлөрү Кудайга ишенгени үчүн эле соттолуп жатат. Соттолуп жаткандардын айрымдары кесилип кетиши жана чоң айып пул төлөп калышы мүмкүн. Сот ишинин узак убакытка созулуп жатканы аларга кандай таасир этүүдө? Эгер айыптуу деп табылышса, кесепети кандай болот?