Мазмунун көрсөтүү

Орусия

 

2018-01-02

ОРУСИЯ

Орусия соту Ыйык Китептин «экстремисттик» адабият деп жарыяланышына байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты

Эми «Жаңы дүйнө котормосун» таратуу кылмыш деп эсептелет. Атүгүл аны өзү окуш үчүн алып жүргөндөргө да чоң суммадагы айып пул салынышы мүмкүн же андан да оор жагдайга кабылышы ыктымал.

2017-12-27

ОРУСИЯ

Орусиянын бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйындар залын тартып алды

Жыйындар залы сот Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургга жакын жердеги административдик борборунун мүлкү тартылып алынсын деген чечим чыгаргандан бир эле жума өткөндөн кийин тартылып алынган.

2017-09-14

ОРУСИЯ

Орусия Ыйык Китепти «экстремисттик» адабият деп тапты

Выборг шаардык соту Жахабанын Күбөлөрү көп тилде чыгарган Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» орус тилиндеги басылышын «экстремисттик» адабият деп тапты.

2017-08-17

ОРУСИЯ

Дүйнө жүзү Орусиянын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарган чечимине пикирин билдирүүдө

Дүйнө жүзүндөгү уюмдар, бийлик өкүлдөрү Орусиянын сотунун адилетсиз чечимине, өкмөттүн диний азчылыктардын укугун коргобогонуна карата пикирин билдиришти.

2017-07-20

ОРУСИЯ

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу мурунку чечимди күчүндө калтырды

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын канааттандыруудан баш тартып, 20-апрелде чыгарылган чечимди күчүндө калтырды. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү адилеттүү чечим чыгарып беришин өтүнүп, АУЕСке жана БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине доо арыз менен кайрылышат.