Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 2-ДЕКАБРЬ
ПАНАМА

Борбордук Американын таш-талканын чыгарган бороон-чапкын

Борбордук Американын таш-талканын чыгарган бороон-чапкын

2016-жылдын 23-ноябрында «Отто» деп аталган бороон-чапкындан улам Коста-Рикада, Никарагуада, Панамада жаан чакалап төгүп, суу каптап, жер көчүп, миңдегендер коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болушкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, Коста-Рикада, Никарагуада бир да Жахабанын Күбөсү жаракат алган жок жана каза болгон жок. Тилекке каршы, Панамадагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен бирөө жаракат алып, бир жубайлар жер көчкөндө каза болушкан. Жахабанын Күбөлөрү табигый кырсыктан жабыр тарткандарды кубаттап-бекемдеш үчүн жана зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн атайын иш-чараларды көргөн.

Нью-Йоркто жайгашкан башкы башкармалыктагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши табигый кырсык болгон жерлердеги жагдайды кылдат көзөмөлдөп жатат. Зарыл болсо, алар ошол жерлерде Кырсык болгондо жардам берүү комитеттерин уюштуруп, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан акча бөлүп берүүгө даяр.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-845-524-3000

Коста-Рика: Педро Хосе Новоа Варгас, 506-8302-8499

Никарагуа: Гильермо Хосе Понс Эспинозе, 505-8856-1055

Панама: Дарио Фернандо Де Суза, 507-6480-3770