2019-ЖЫЛ, 19-АВГУСТ
ПЕРУ
Перудагы Жахабанын Күбөлөрү спорт оюндары учурунда эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катышып жатышат
3 000дей ишенимдешибиз Перунун борбор калаасы Лимада өткөрүлүп жаткан Пан Америкалык жана Пара-Панамерикалык оюндар учурунда эл көп жерде күбөлөндүрүү боюнча атайын өнөктүк жүргүзүп жатышат. 2019-жылдын 26-июлунда башталган ал спорт оюндары 1-сентябрда аяктайт. Ага 8 500дөн ашык спорт чеберлери катышып, болжол менен 250 000 турист келери күтүлүүдө.
Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга кабар айтыш үчүн жарчылар 53 жерге 100 сүйрөмө текче коюшкан. Текчеге аймара, англис, испан, кечуа (аякуча), португал, француз тилдеринде адабияттар коюлган. Сүйрөмө текчелерине кулагы укпаган же начар уккандар үчүн перу жаңдоо тилиндеги видеолордун жарнамалары да коюлган.
Өнөктүктү көзөмөлдөөгө жардам берип жаткан Кемпс Моран Хуртадо бир тууган мындай деген: «Бул оюндарга дүйнөнүн чар тарабынан көп эл агылып келип жаткандыктан, өнөктүктүн аркасында тек-жайы, маданияты ар кандай көптөгөн адамдарга кабар айтууга сонун шарт түзүлүп жатат. Эл көп жерде күбөлөндүрүү иши — Ыйык Китептин негизинде жүрүп жаткан билим берүү ишинин абдан маанилүү бөлүгү. Ушунун аркасында Жахабанын Күбөлөрү дайыма элдин көз алдында болот».
Биз кабар айтуу ишинин улам күч алып жатканына абдан сүйүнүп жатабыз. Жахабанын Перудагы бир туугандарыбыздын, кайсы жерден болбосун, адамдардын баарына кабар айтууга жумшап жаткан аракетине мындан ары да батасын бере берерине бекем ишенебиз (Элчилер 17:17).