Мазмунун көрсөтүү

Жыйынга 66 000ден ашуун киши катышып, 6 200дөн ашык бир тууган өз ыктыяры менен колдоо көрсөттү

2019-ЖЫЛ, 29-ЯНВАРЬ
ПЕРУ

Перуда 2018-жылдагы атайын жыйындын акыркысына келген конокторду тосуп алышты

Перуда 2018-жылдагы атайын жыйындын акыркысына келген конокторду тосуп алышты

Перудагы Жахабанын Күбөлөрү 2018-жылы 23—25-ноябрда өткөрүлгөн «Кайраттуу болгула!» деп аталган атайын жыйындын акыркысына 9 өлкөдөн келген 3 400 делегатты тосуп алышты. Жыйын Перунун борбор калаасы Лимадагы чоң стадиондо өттү. Жыйынга келгендердин жана программаны түз эфир аркылуу уккандардын жалпы саны 66 254кө жетти. Ошондой эле 719 киши чөмүлдү. Программа бир эле учурда англис, кечуа, аякуча, испан тилдеринде жана перу жаңдоо тилинде өттү.

Жыйындын акыркы күнүндө делегаттар менен коштошуп жаткан кыз

Жыйын делегаттар менен жергиликтүү жарчылардын кабар айтуу ишине чогуу катышканы менен да өзгөчө болду. Делегаттар улуттук тамак-аштардан даам сызып, Перунун маданияты менен таанышышты, ошондой эле Перудагы филиалга экскурсияга барышты.

Перудагы филиалдын өкүлү Эзекиел Поррас мындай дейт: «Перуда өткөрүлгөн бул атайын жыйын ушунчалык таасирдүү болду. Жыйын бир туугандардын эсинде каларлык эле болбостон, жалпы элге да зор күбөлөндүрүү берилди. Ушундайча ысмын даңктап-даңазалаганга өзгөчө мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазыбыз» (1 Петир 2:12).

 

Стадиондо коюлган бассейндерде 483 киши чөмүлдү. Жыйын трансляцияланган дагы төрт жерде 236 киши чөмүлдү.

Делегаттар жергиликтүү жарчылар менен кабар айтуу ишине катышышты.

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд жыйындын соңку баяндамаларын айтты.

Жергиликтүү бир туугандар Лимадагы «Хорхе Чавес» эл аралык аэропортунан делегаттарды тосуп алышты.

Филиалга экскурсияга баргандар Кудайдын ысмынын Ыйык Китепте сакталып калганын тастыктаган көргөзмөнү да көрүштү.

Бир туугандар жыйындар залында уюштурулган эс алуу учурунда перулуктардын тамак-аштары кантип жасаларын көрсөтүштү. Бул жерде «севиче» деген тамак жасалып, делегаттарга берилди.

Бир туугандар жергиликтүү кол өнөрчүлүктүн бир түрүн, жип ийригенди, көрсөтүштү. Көбүнчө жүндү өсүмдүктөрдөн алынган боёктор менен боёшот.

Кечинде филиалда өткөрүлгөн атайын программада бир туугандар делегаттарга «Эмгектен» деген Кудайды даңктаган ырды ырдап беришти. Ошондой эле улуттук музыкаларды да аткарышты. Андан тышкары, Перудагы үч чоң аймактагы: океанды бойлой жайгашкан чөлдөгү, Анд тоолорундагы жана Перу нымдуу токойлорундагы элдердин бийин бийлеп беришти.

Кечки программада Трухильо шаарындагылардын улуттук бийин да бийлешти.

Программада ар кайсы аймактарда кантип кабар айтылары көрсөтүлдү. Делегаттар Куско деген тоолуу аймакта жашаган кечуа элинин чоподон салынган үйлөрүн, кийген кийимдерин да көрө алышты.

Кечки программанын соңунда катышуучулардын баары делегаттар менен коштошушту.