Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 17-ОКТЯБРЬ
ПЕРУ

Перунун Пуно шаарында аймара тилинде өткөрүлгөн атайын өнөктүк

Перунун Пуно шаарында аймара тилинде өткөрүлгөн атайын өнөктүк

Перудагы филиал 2019-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин атайын өнөктүк өткөргөн. Анын максаты аймара тилинде сүйлөгөн жергиликтүү тургундарга жакшы кабар жеткирүү болгон. Өнөктүктүн натыйжасы абдан сонун болду! Ага катышкан бир туугандар 7 893 адабият таратып, 2 500дөй жолу видео көрсөтүштү. Өнөктүктүн аркасында 381 киши Ыйык Китепти изилдөөгө макул болду.

Перуда аймара тилинде 450 000дей киши сүйлөйт. Алардын 300 000дейи Пуно шаарында жашайт. Ал жакта 331 Жахабанын Күбөсү бар. Алар жети жыйналышта жана сегиз топто кызмат кылышат. Перудагы жарчылардын саны салыштырмалуу аз болгондуктан, аларга Чилиден аймара тилинде сүйлөгөн ишенимдештери жардамга келишти. Жергиликтүү тургундарга жакшы кабар жеткирүү үчүн бир туугандарга деңиз деңгээлинен 5 000 метрдей бийик жерлерге чыгууга туура келди. Андан тышкары, алар абанын температурасы нөл градус болгон учурларда да кабар айтканын токтотушкан жок.

Өнөктүккө катышкан топтордун бири бир нече саат бою жол жүрүп отуруп бир шаарчага келишкен. Ал жактагы тургундар сөөк узатып жатышкан. Бир туугандар өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө жазылган Ыйык Китептеги чындык менен бөлүшүшкөн. Жергиликтүү бийликтегилер жана маркумдун үй-бүлөсү ал бир туугандарга Ыйык Китепте жазылган соороторлук кабарды айтканы жана чоң күч-аракет жумшап келишкени үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Ал эми башка аймакта бир туугандарыбыз жумасына эки жолу Ыйык Китепти изилдөө үчүн чогулуп жүргөн адамдарды табышкан. Алар «Тарыхтагы эң улуу адам» жана «Ыйык китептик аңгемелер» деген китептерди изилдеп жүрүшүптүр. Көрсө, ал китептерди Боливиядагы тууганынан алышыптыр. Адабияттар биздин уюмдуку экенин билгенде көптөр Ыйык Китепти изилдөөгө жана жыйналыштарга барууга макул болушкан.

Өнөктүккө катышкан топтордун бирин жетектеген Алберт Кондор деген аксакал мындай деген: «Жубайым экөөбүз бул өнөктүккө катышканыбызга абдан кубанып жатабыз. Жахабага болгон ишенимибиз мурдагыдан да күчтүү болуп калды. Башында ал шаарга жетүү кыйын болгондуктан эмне кылабыз деп бушайман болгонбуз. Ал жакка жеткенде Жахабадан баш калкалаганга жай таап беришин суранганбыз. Жахаба өтүнүчүбүздү орундатты. Жахабанын жооп бергенин көрүп абдан бекемделдим. Башка бир туугандардын да ага толук таянганын көргөндө, жүрөгүм козголду».

Бир туугандар Перудагы Пуно шаарында болуп өткөн өнөктүккө катышып, аймара тилинде сүйлөгөн адамдар менен «өмүр суусун» бөлүшө алганына кубанып жатышат (Аян 22:17).