Мазмунун көрсөтүү

Пьюра шаарындагы суу каптаган көчө. Солдо: Сиенегиеллада ыктыярчылар ишенимдешибиздин үйүн оңдоп жатышат. Оңдо: Филиалдын комитетинин мүчөсү циклондон жабыр тарткан үй-бүлөнү кайраттандырып, кубаттап жатат

12-АПРЕЛЬ, 2023
ПЕРУ

«Яку» циклону Перунун деңиз жээктериндеги аймактардын таш-талканын чыгарды

«Яку» циклону Перунун деңиз жээктериндеги аймактардын таш-талканын чыгарды

2023-жылдын март айынын башында Перунун түндүк жээктерин «Яку» циклону талкалап кетти. Ал жерди эки күн суу каптап, жер көчкү жүрүп, өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүгүнө өзгөчө кырдаалдар киргизилди. Көп жерди суу каптап калгандыктан, үйлөр, көпүрөлөр, чоң жолдор талкаланып, элди коопсуз жерге көчүрүүгө тоскоолдук жаратты.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин баары аман-эсен, эч ким каза болгон жок

  • 2 жарчы жаракат алды

  • 106 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 70 үй чоң зыянга учурады

  • 130 үй бир аз зыянга учурады

  • 5 Падышалык залы чоң зыян тартты

  • 5 Падышалык залы бир аз зыян тартты

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар табигый кырсык болгон жердеги ишенимдештерибизди сооротуп-жубатып, зарыл жардам көрсөтүп жатышат

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитетинен үчөө уюштурулду. Алар жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүп жатышат

Жахаба Перудагы ишенимдештерибизге баарына чыдап, «кубаныч менен туруктуу болгонго» жардам берип жатканынан шектенбейбиз (Колосалыктар 1:11).