Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 30-МАРТ
ПЕРУ

Перу. Сел жана жер көчкү жүрүп жатат

Перу. Сел жана жер көчкү жүрүп жатат

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Перунун 25 аймагынын 24үндө сел жүрүп, жер көчкү болгон. Билдирүүлөргө ылайык, бул уланышы мүмкүн. Өлкөдө жаан-чачындуу мезгилде (декабрдан мартка чейин) адаттагыдан 10 эсе көп жаан жааган. Жахабанын Күбөлөрү кырсыктан жабыр тарткан ишенимдештерине жана башкаларга жардам көрсөтүүдө.

Жахабанын Күбөлөрүнүн 530дан ашуун үйү жана 6 Падышалык залы (сыйынууга арналган жайы) талкаланган. Берилген маалыматтарга ылайык, Лима шаарынан 288 чакырым алыстыкта жайгашкан Хуармей шаарчасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү, жардам бергендер келгиче, үйлөрүнүн чатырында күтүп отурууга аргасыз болгон.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Перудагы филиалы кырсык болгон аймактагы, анын ичинде өзгөчө кырдаал жарыяланган 12 аймактагы жапа чеккен ишенимдештерине жардам берүү үчүн 8 жардам берүү комитетин түзгөн. Жардам берүү комитеттери жабыркагандарды 22 тонна азык-түлүк, 22 000 литрден көп таза суу менен камсыз кылышкан. Жакынкы арада дагы 48 тонна азык-түлүк, 9 000 литрден көп таза суу жөнөтүлөт. Перудагы жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрү тазалоо жана оңдоо иштерине өз ыктыяры менен катышууда.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгындагы Жетектөөчү Кеңеш бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишине тартуу кылынган каражаттан колдонуп, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин жетектөөдө.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Перу: Норман Крипс, тел: +51-1-708-9000