2018-ЖЫЛ, 9-ОКТЯБРЬ
ПЕРУ
Таиланд элчилиги Перудагы Жахабанын Күбөлөрүнө түрмөдө отурган тай жарандарына жардам берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирди
2018-жылдын 26-июнунда Перудагы Таиланд элчилигинин өкүлдөрү өлкөнүн борбор калаасы болгон Лима шаарында жайгашкан Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына барышкан. Алар Перудагы түрмөдө отурган тай жарандарына көмөк көрсөтүп жаткан ишенимдештерибизге ыраазычылык билдиришкен.
Перудагы Жахабанын Күбөлөрү камакта отургандарга Ыйык Китептин негизинде билим берүү ишин 2007-жылдан бери жүргүзүп келишет. Ал эми 2013-жылдан тартып түрмөдөгү тай улутундагыларга да бара башташкан. Ишенимдештерибиздин түрмөдө отургандарга чындап кам көрүп жатканына ушунчалык таасирленгендиктен Таиланд элчилигинин өкүлү филиал менен байланышып, жолугушууга макулдашкан.
Элчиликтен филиалга баргандардын арасында иш-милдет убактылуу тапшырылган өкүл Ангкура Кулваниж мырза, элчиликтин башкы кеңешчиси Патомпоң Сиңтоң мырза жана элчинин жардамчысы Прадтхана Понгудом айым болгон. Филиалдын комитетинин мүчөлөрү аларга экскурсия өткөрүп, филиалда жүргүзүлүп жаткан котормо иши, анын ичинде адабияттар 9 тилге которулган котормо иши менен тааныштырышкан.
Кийинчерээк элчиликтен филиалга Перудагы жакыр, жардамга муктаж, карапайым адамдарга алардын туткан динине, маданиятына карабай кам көрүш үчүн күжүрмөн эмгектенип жаткан ишенимдештерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирген расмий кат келген. Катта элчилик түрмөдө отурган тай жарандарынын кыйынчылыгын жеңилдетип, жашоосун жакшыртканга чоң салым кошуш үчүн талыкпай күч жумшап жаткан Жахабанын Күбөлөрүнүн ассоциациясын, Перудагы филиалды, мактаган.
Перудагы ишенимдештерибиздин иш-аракетинен Ыйык Китептеги кабарды бардык адамдарга жеткирүүнүн натыйжасы жакшы болору айкын көрүнүп турат (1 Корунттуктар 9:22).