2-ДЕКАБРЬ, 2021
ПЕРУ
75 жылдан бери «розадай гүлдөп» жаткан Перу
Биринчи миссионерлер Перуга 1946-жылы октябрда дайындалышкан. Аларга Ыйык Китептеги жакшы кабарды айтыш үчүн чоң аймак тапшырылган. Алардын аймагы 7 миллион киши жашаган дээрлик 1,3 миллион квадрат километрди түзгөн өлкө болчу. Акыркы 75 жылдан бери миссионерлер жергиликтүү жарчылар менен бирге Перунун алыскы тоолуу аймактарындагы кыштактарга, деңиз жээгиндеги шаарларга барып, жакшы кабарды күчүн аябай таратышкан. Ошонун аркасында өлкөдө чоң өсүш болгон.
Миссионерлер дайындалганга чейин Түштүк Америкадагы Жахабанын Күбөлөрү маал-маалы менен Перунун борбор шаары Лимага келип, кызыккан адамдарга адабияттарды таштап кетип турушчу. Чындыктын үрөнү ал адамдардын айрымдарынын жүрөгүндө өнүп чыккан. Ошентип, 1945-жылы 3 киши чөмүлүп, өлкөдө Жахабанын алгачкы Күбөлөрү пайда болгон. Аларды Чилиде кызмат кылган 2 миссионер Лимага келип чөмүлткөн.
1946-жылдын октябрынан тартып Гилат мектебин бүтүргөн миссионерлер дайындалып, кабар айтуу ишин уюштура баштаган. Алар Лиманын Римак деген районунда кызыккандар менен биринчи жолугушууну өткөрүшкөн. Жергиликтүү жарчылар көбөйгөн сайын көбүрөөк миссионерлер да дайындала баштаган. Анын аркасында өлкөдө кабар айтуу иши болуп көрбөгөндөй кулач жайган. Бүгүнкү күндө да чындыкка кызыккандардын саны азайган жок.
1946-жылы Перуда кызмат кыла баштаган алгачкы миссионерлердин бири Неллина Пул болчу. Ал Перуда кабар айтуу ишинин кандайча кулач жайганы жөнүндө өзүнүн өмүр баянында айтып берген. Анын өмүр баяны 1957-жылдагы «Күзөт мунарасы» журналынын 1-мартындагы санына (англ.) чыккан. Неллина: «Перудагы өсүштү ойлогондо кубанычым койнума батпай сүйүнөм. Аны чөлдүү жердин розадай гүлдөп чыкканына салыштырам»,— деген.
Дагы деле Перуда кызмат кылып жаткан Гилаттын 54-классынын бүтүрүүчүсү Айрин Маннинг мындай дейт: «Биз келгенде жарчылардын саны 7 000дей эле болчу. Азыр болсо 130 000ден ашты. Ушундай өсүшкө кичине болсо да салым кошо алганымды чоң сыймык катары көрөм. Албетте, мунун баары Жахабанын батасынын аркасында болуп жатат».
Перуда кызмат кылып жаткан 133 170 жарчы 75 жыл мурун рухий пайдубал курган ишенимдештерине абдан ыраазы. Перунун теократиялык тарыхы — Жахабанын Ышая 60:22деги убадасынын аткарылып жатканынын далили. Ал жерде: «Аздан миң, кичинеден күчтүү эл чыгат»,— деп жазылган.