2017-ЖЫЛ, 3-НОЯБРЬ
ПОРТУГАЛИЯ
Португалияны адам өмүрүн алып кеткен өрт каптоодо
Катуу ысыктын жана кургакчылыктын натыйжасында адам өмүрүн алып кеткен чоң өрт Португалияны каптоодо. Жалпы эсептегенде, июнь айында 64 киши, октябрь айында 45 киши каза болгон. Октябрь айынын орто ченинде эң көп өрт чыкканы, тактап айтканда, 523 өрт чыкканы катталгандыктан, ал эң көп өрт чыккан ай деп катталды. Европа Союзунун өзгөчө кырдаал боюнча кызматы берген маалыматка ылайык, бул жылы өрт Португалиянын 520 000 гектар аймагын жалмап кеткен. Бул өлкөдөгү, орто эсеп менен, бир жылда өрттөн жабыркаган аймактан — 83 000 гектардан — алты эседен көп экенин көрсөтүп турат.
Португалиядагы филиалдын билдирүүсү боюнча, өрттөн бир Жахабанын Күбөсү жана анын бир тууганынын 4 жаштагы баласы каза болгон. Ошондой эле айрым ишенимдештерибиздин үйлөрү, айдоо жерлери, чарбалык буюм-тайымдары жана малы өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү бир туугандар күйүктүн калдыктарын, өрттөнгөн бактарды жана башка нерселерди тазалап, бири-бирине жардам берүүдө.
Кырсык болгондо жардам берүү боюнча жергиликтүү комитет жардам көрсөтүш үчүн ишке киришкен. Мындан тышкары, Португалиядагы филиалдын комитетинин эки мүчөсү жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр жана аксакалдар менен чогуу бир туугандарга барып, аларды бекемдеп, кайраттандырышкан.
Жахаба Кудайдан Португалиядагы өрттөн жабыркаган сүйүүгө, жубатууга муктаж болуп турган бир туугандарга мээримин төгүп, колдошун суранып, тиленип турабыз (Забур 71:21).
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000
Португалия: Жуан Педро Кандеяш, тел.: +351-214-604-339