21-СЕНТЯБРЬ, 2017-ЖЫЛ
ПУЭРТО-РИКО
Бүлгүнгө учураткан «Мария» куюну тууралуу билдирүү
2017-жылдын 20-сентябрында «Мария» куюну, Кошмо Штаттарды бүлгүнгө учураткан бешинчи куюн, Пуэрто-Риконун таш-талканын чыгарды. Учурда бүтүндөй арал электр жарыгысыз калды. Өкмөт кечки саат 6дан баштап коменданттык саат жарыялады.
Бир туугандардын эч кимиси зыян тарткан жок, каза болгондор да жок. Жабыр тарткандарга жардам берүү иши жүргүзүлүүдө. Бир туугандар талкаланбаган Падышалык залдарын убактылуу баш калкалоочу жана азык-түлүк таратуу жай катары колдонушат.
Сан-Хуандагы Бейтел имараты бир аз зыянга учурады. Бейтелдеги бир туугандардын эч кимиси жаракат алган жок, баары аман-эсен. Учурда Бейтелде Интернет байланышы жок. Шаймандарды электр тогу менен камсыз кылуу үчүн генераторлор колдонулуп жатат.
Уюмдагы бир туугандар жардам берүү үчүн бүт күчүн жумшап жатышат. Муну билүү кырсык болгон аймактагы ишенимдештерибизге күч-кайрат берери шексиз (2 Корунттуктар 1:3).