Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 2-СЕНТЯБРЬ
РУАНДА

Жахабанын Күбөлөрү руанда жаңдоо тилинде биринчи жолу региондук жыйын өткөрүштү

Жахабанын Күбөлөрү руанда жаңдоо тилинде биринчи жолу региондук жыйын өткөрүштү

2019-жылдын 16—18-августунда Руанданын Кигали шаарында бир туугандар руанда жаңдоо тилинде биринчи жолу региондук жыйын өткөрүштү. Ал жыйынга 620 киши катышып, кулагы укпаган 8 киши чөмүлдү.

Жыйынга келгендер Падышалык ырын ырдап жатышат

Жекшемби күнү жыйынга эки бийлик өкүлү: Руандадагы кулагы укпагандардын улуттук бирикмесинин деректирлер кеңешинин мүчөсү Жан Дамасен Бизимана мырза жана Майыптардын улуттук кеңешинин башкы катчысы Эммануэль Ндайсаба мырза катышты. Андан сырткары, жыйындын жекшемби күнкү программасы «Уквези» гезитине чыкты жана жыйын Интернетке жарыяланды.

Бир тууган көзү көрбөгөн, кулагы укпаган аялга жыйындын программасын тактилдик ыкма аркылуу которууда

Жан мырза мындай деген: «Бул жыйын аябай жакшы болду! Ар кайсы аймактардан келген кулагы укпаган адамдардын биримдикте чогулганын көргөндө абдан таасирлендим. Биз Жахабанын Күбөлөрүнө кулагы укпаган адамдарга колдоо көрсөтүп жатканы үчүн аябай ыраазыбыз. Биримдик өкүм сүргөн мындай жолугушууну бийликтегилер да көрүшү жана үлгү алышы керек».

Акыркы эки жылдын ичинде руанда жаңдоо тилиндеги талаада эки өзгөчө окуя болгон. Алсак, 2017-жылдын сентябрында Руандадагы филиал руанда жаңдоо тилинде биринчи жолу Пионердик кызмат мектебин өткөргөн. Ал эми кийинки жылы, 2018-жылдын сентябрында, филиалда адабияттарыбыз руанда жаңдоо тилине расмий түрдө которула баштаган.

Жаңдоо тилиндеги жыйында филиалдын өкүлү катары кызмат кылган Жан де Амор Хабияреми мындай деген: «Руанда жаңдоо тилиндеги талаада өсүш болуп жатканына, анын ичинде ушундай жыйын болуп жатканына аябай кубанып жатабыз. Жыйындын „Сүйүү эч качан жок болбойт!“ деген темасына ылайык, Жахабанын Күбөлөрү баарына, анын ичинде кулагы укпагандарга да иш жүзүндө сүйүү көрсөтүшүүдө».

Жаңдоо тилиндеги бул талаада өсүш болуп жатканы Жахабанын аларга мол батасын төгүп жатканынан кабар берип турат (Забур 67:1).