Мазмунун көрсөтүү

Ишенимдешибиздин жаандан зыян тарткан үйү

19-НОЯБРЬ, 2019
РУАНДА

Руанда чакалап жааган жаандан кыйроого учурады

Руанда чакалап жааган жаандан кыйроого учурады

2019-жылдын 26, 29-октябрында Руанданын түндүгүндө жаан нөшөрлөп жаап, анын кесепетинде айрым Жахабанын Күбөлөрү да зыян тартты. Кейиштүүсү, Руанданын түндүк провинциясында жайгашкан Музанзе шаарындагы ишенимдештерибиздин 13 жаштагы кызын сел алып кеткен.

Ал эми Руанданын батыш провинциясында жайгашкан Нгорореро шаарындагы ишенимдештерибиздин үйү жарактан чыгып калган. 9 үй-бүлө болсо түшүмүнөн кол жууган. Руандадагы филиал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишин уюштуруп, ишенимдештерибизге материалдык жактан колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле аларды Ыйык Китептеги аяттардын негизинде сооротуп-жубатууда.

Биз Жахаба Кудайдан кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизди сооротушун сурап тиленип турабыз (2 Тесалоникалыктар 2:16, 17).