Мазмунун көрсөтүү

СИНГАПУР

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Сингапур

Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Сингапур

Жахабанын Күбөсү болгон жана абийири жол бербегендиктен аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан сегиз жаш улан Сингапурда түрмөдө отурат. Алардын үчөөсү көз карашын өзгөртүүдөн баш тарткандыктан жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кайра экинчи жолу түрмөгө кесилген. Ал уландардын укугун коргогон мыйзам жок болгондуктан, Сингапур өкмөтү аларга аскердик кызмат өтөө парзын аткарууга кысым көрсөтүп, аскердик кызмат өтөөгө абийири жол бербегендердин укугун тебелөөдө.

Сингапурдун аскердик уставы боюнча 18 жашка чыккан Жахабанын Күбөсү аскердик кызмат өтөөгө чакырылат. Эгер ал абийири жол бербегени үчүн аскердик кызматтан баш тартса, 12 айдан көп убакытка аскердик лагерге жөнөтүлөт. Бул мөөнөт аяктаар замат ал бошотулуп, ага аскердик форманы кийүүгө жана аскердик машыгууга катышууга буйрук берилет. Жахабанын Күбөсү андан да баш тартса, Аскердик сот дагы бир жолу соттоп, аны 18 айдан көп убакытка эркинен ажыратат. Ошентип, Жахабанын Күбөсү болгон жана абийири жол бербегендиктен аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан жаш уландар 2 жолу кесилип, жалпысынан 30 айдан көп убакытка эркинен ажыратылат.

Сингапур БУУнун көрсөтмөсүнө ылайык иш кылуудан баш тартууда

Бириккен Улуттар Уюму анын курамына кирген өлкөлөрдү көп убактан бери «Адам укуктарынын жалпы декларациясындагы ой эркиндигине, абийир эркиндигине жана дин тутуу эркиндигине байланыштуу жол-жоболорго ылайык, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлоого» үндөп келет. Сингапур 1965-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү болуп келатса да, бул маселеде БУУнун көз карашына кошулбай турганын ачык билдирген. 2002-жылдын 24-апрелинде БУУнун адам укуктары боюнча Комиссиясына жолдогон катында Сингапур мамлекетинин өкүлү мындай деп жазган: «Кимдир бирөөнүн көз карашы же иш-аракети (улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгына) каршы келген учурларда өлкөнүн улуттук коопсуздукту камсыз кылуу укугу жогору турушу керек». Ошол эле катта: «Биз абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу укугу бардык жерде колдонорлук экенине кошулбайбыз»,— деп ачык эле жазылган.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2024-жыл, 16-август

    Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан 8 Жахабанын Күбөсү түрмөдө отурат.

  2. 2002-жыл, 24-апрель

    Сингапур өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун сыйлабай турганын билдирди.

  3. 1995-жыл, февраль

    Сингапур Жахабанын Күбөсү болгон жарандарын камап, жазалоо чарасын күчөтүүдө.

  4. 1994-жыл, 8-август

    Сингапурдун Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызын кароодон баш тартты.

  5. 1972-жыл, 12-январь

    Сингапур өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий каттоосун жокко чыгарды.