Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 14-АВГУСТ
СЛОВАКИЯ

Чыгыш Словакиядагы цыган тилинде биринчи региондук жыйын өттү

Чыгыш Словакиядагы цыган тилинде биринчи региондук жыйын өттү

Жаңы чөмүлгөн 19 бир туугандын бири

Ишенимдештерибиз 2019-жылдын 20, 21-июлунда Михаловце шаарында кышкы оюндар өткөн стадиондо цыган тилинде Словакиядагы эң алгачкы региондук жыйынды өткөрүштү. Ал жыйындын кыскартылган программасына 1 276 киши катышып, 19 киши чөмүлдү.

Жыйынга төрт өлкөдөн: Бельгиядан, Чех Республикасынан, Улуу Британиядан жана Украинадан келген бир туугандар катышышты. Бир туугандарга «Жошия падыша. Жахабаны сүйүү, жамандыкты жек көрүү» деген көркөм тасманы өз эне тилинде көргөнү өзгөчө таасир этти.

Словакиядагы биринчи жыйналыш 2014-жылы ноябрда уюшулган. Бул жыйын ошондон беш жыл өткөндөн кийин болуп отурат. Азыркы учурда чех-словак филиалына караштуу аймакта цыган тилинде 9 жыйналыш, 10 топ жана 14 башталгыч топ бар.

Стадиондун жетекчиси Питер Тирпак мындай деген: «Жахабанын Күбөлөрү менен жогорку деңгээлде кызматташтык. Силер дайыма сөзүңөргө турат экенсиңер. Дагы келсеңер, аябай сүйүнмөкпүз».

Жыйындын программасынын көзөмөлчүсү Питер Варга мындай деп ой бөлүшөт: «Мындай жыйынды көрө элек болчумун. Цыган тилинде сүйлөгөн бир туугандар үчүн бул жыйын теократиялык тарыхтагы эстен кеткис жыйын болду. Бир туугандар мурда эч качан көрүшпөсө да, соңку ырдан кийин бири-бирин кучактап, көзүнө жаш алышты».

Биз Словакияда жашаган, цыган тилинде сүйлөгөн бир туугандарыбыздын кубанычына ортоктошпуз. Бул жыйын Жахабанын элинин арасында чыныгы бир туугандык сүйүүнүн бар экенин дагы бир жолу далилдеди (Жакан 13:34, 35).