Мазмунун көрсөтүү

20-ДЕКАБРЬ, 2021
СЛОВЕНИЯ

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы словен тилинде жарык көрдү

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы словен тилинде жарык көрдү

2021-жылдын 18-декабрында «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы словен тилинде чыкты. Аны Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Геррит Лёш алдын ала жаздырылган программа аркылуу кулактандырды. Программаны жалпы жонунан 2 000дей киши укту. Словен тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы азырынча электрондук түрдө гана бар. Кагаз жүзүндөгүсү болсо 2022-жылы чыгат.

1584-жылы Ыйык Китеп толугу менен словен тилинде жарык көргөн. Кудайдын Сөзүнүн словен тилиндеги ал алгачкы котормо Далматин Ыйык Китеби деп да белгилүү. Бүгүнкү күнгө чейин анын 80 эле нускасы сакталып калган. Алардын бири Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (АКШ) бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын музейинде.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Словенияда 1925-жылдан тартып кабар айта баштаган. Алардын алгачкылары Френц Брэнд болгон. Ал Марибордо чач тарач болуп иштечү. Ошол эле жылы чакан топ Ыйык Жазмадагы ойлорду талкуулаш үчүн дайыма чогула баштаган. 1930-жылы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Словенияда кабар айтуу ишин жүргүзүш үчүн кеңсе ачышкан. 2009-жылы болсо Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөн. Аны Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Сэмюэл Хёрд Люблянада (Словения) өткөрүлгөн региондук жыйында кулактандырган.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда жана андан кийинки жылдары Словениядагы Жахабанын Күбөлөрү алгач нацисттер, кийин жергиликтүү бийликтегилер тарабынан катуу куугунтукталышкан. Ошол маалда ага-инилерибиздин көбү түрмөгө камалып, айрымдар өлүм жазасына тартылган. 1953-жылы бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине расмий түрдө уруксат бергенде, жагдай бир топ жакшырган. Учурда Словенияда 1 757 жарчы бар.

Словен тилине которгон котормо тобу Словениядагы Камник шаарында жайгашкан Бейтелде кызмат кылышат

Словениядагы ишенимдештерибиз Геррит Лёш бир тууганыбыздын баяндамасындагы бул сөздөргө толук кошулат. Баяндамасында ал мындай деген: «Бул жаңы Ыйык Китепти чебер колдонгонду үйрөнгүлө. Башкаларга Кудайдын Сөзү канчалык күчтүү экенин сезип көргөнгө жардам бергиле. Словен тилиндеги „Жаңы дүйнө котормосунун“ кайра каралган бул басылышы силерге „Кудайдын ишенимдүү сөзүнө“ бек карманганга жардам берет» (Тит 1:9).