Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 13-ДЕКАБРЬ
СОЛОМОН АРАЛДАРЫ

Соломон аралдарындагы жер титирөөдөн кийинки цунами

Соломон аралдарындагы жер титирөөдөн кийинки цунами

2016-жылдын 9-декабрында Соломон аралдарында жер титиреп, кубаттуулугу 7,8 баллга жеткен. Жер бир нече жолу силкингенден кийин, анча чоң эмес цунами болгон. Ал жактагы Жахабанын Күбөлөрүнүн баары аман калган жана эч кимиси жаракат алган эмес. Андан сырткары, аларга таандык имараттар көп деле талкаланган эмес. Тынч океанда цунами болору эскертилгенде, Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы ал жерде кызмат кылгандарды бийигирээк жерге көчүргөн. Анткени алардын филиалы жээкке жакыныраак жайгашкан борбор шаар Хониарадан орун алган. Баары тынчыгандан кийин филиалда кызмат кылгандар кайтып келип, ишин улантышкан.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, +1-845-524-3000

Соломон аралдары: Ленси Ламани. Тел: +677 22241