Мазмунун көрсөтүү

12-МАЙ, 2023
СУДАН

Судандагы улам күчөп жаткан кагылышуу

Судандагы улам күчөп жаткан кагылышуу

2023-жылы 15-апрелде Судандын борбор калаасы Хартумда куралдуу эки топтун ортосунда кагылышуу башталган. Жаңылыктардан айтылгандай, ошонун айынан 600дөн ашык киши курман болуп, 5000 киши жаракат алган.

Ишенимдештерибизге тийгизген таасири

  • Хартумдагы кагылышуудан кийин Вад-Медани шаарына (Судан) аман-эсен качып барып, бири-бирин кайраттандырыш үчүн чогулган ишенимдештерибиз

    Ишенимдештерибиздин арасында жаракат алган же каза тапкан эч ким катталган жок

  • Бери дегенде, 318 ишенимдешибиз башка жакка качанга аргасыз болгон. Айрымдары болсо коңшу өлкөлөргө качып, аман-эсен жетип алышкан

  • 8 ишенимдешибиз иштеген жеринде, 5 бала мектебинде камалып калган. Бактыга жараша, алардын баары үй-бүлөлөрү менен кайра аман-эсен көрүшүштү

Жардам берүү иштери

  • Жергиликтүү аксакалдар жапа чеккендерге колдоо көрсөтүп, сооротуп-жубатып жатышат

  • Суданда жана кошуна өлкөлөрдө жардам берүү иштерин жүргүзүш үчүн жана иш жүзүндө колдоо көрсөтүш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери түзүлгөн

«Тынчтык мол боло» турган заманды күтүп жатып ушундай үрөй учурган зомбулукка туш болуп жаткан ишенимдештерибиз үчүн мындан ары да тиленип туралы (Забур 72:7).