Мазмунун көрсөтүү

Улуттук телеканалдан атайын программаны уккандан кийин Грек Жазмаларынын жаңы котормосун алганына кубанган үй-бүлө (Сьерра-Леоне)

4-МАЙ, 2020
СЬЕРРА-ЛЕОНЕ

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» крио тилинде жарык көрдү

Бул тууралуу кулактандыруу Сьерра-Леоненин улуттук радио жана телеканалдарынан айтылды

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» крио тилинде жарык көрдү

2020-жылдын 26-апрелинде Сьерра-Леонедеги 2 000ден ашуун жарчы Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» крио тилинде жарык көргөнүн укканда төбөсү көккө жете кубанды.

Бир туугандарыбыз ушуга байланыштуу атайын программага чогула албайт болчу, анткени коронавирус пандемиясынан улам бийликтегилер калың эл чогулган жыйындарды өткөрүүгө карата чектөөлөрдү киргизип койгон. Андан сырткары, Сьерра-Леонедеги көптөгөн жарчыларыбыздын, өзгөчө чакан шаарчаларда жашагандарынын, электрондук каражаттары жок болгондуктан программага видео байланыш аркылуу да катыша алышмак эмес.

Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» крио тилинде чыкканын Либериядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Алфред Гунн кулактандырды

Жагдайды эске алып, Сьерра-Леонедеги ишибизге көзөмөл кылган Либериядагы филиалдын комитети Жетектөөчү Кеңештин Окутуу комитетине өтүнүч менен кайрылган. Алар жаңы котормонун чыкканына байланышкан кыска программаны алдын ала жаздырууну суранышкан. Уруксат алынгандан кийин жарчыларга радио жана телевизордон атайын даярдалган программанын болору айтылып, баары аны угууга же көрүүгө чакылырган. Бирок анын эмне жөнүндө экени сыр бойдон калтырылган.

Өзгөчө кулактандыруу жасалганга бир нече күн калганда, Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» конвертке салынып жарчылардын үйлөрүнө жеткирилген. Анан баарына чапталган ал конвертти программа аяктагыча ачканга болбой турганы айтылган.

Сьерра-Леонеде муктаждык көп жерде кызмат кылган Меган Диаз кулактандыруудан кийин мындай деген: «Кызыгуучум чалып, программаны укканын жана Жахабанын ушундай котормону бергенине аябай ыраазы экенин айтты. Эртең изилдөөдөн ушул жаңы котормону колдонобуз».

Крио тилинде сүйлөгөн жана Ыйык Китепти изилдеп жүргөн Тоункара: «Грек Жазмаларынын крио тилинде чыкканы Жахабанын жакшы кабарды бардык адамдардын угушун эле эмес, аны балдарына үйрөтө алгыдай деңгээлде түшүнүшүн да каалаарын көрсөтүп турат. Бул котормонун биздин тилде да чыкканына аябай кубанып жатам»,­­— деген.

Сьерра-Леоненин тургундарынын көбү англис тилинин негизинде пайда болгон креол тилдерине кирген крио тилинде сүйлөйт. Грек Жазмаларынын бул котормосун жаратуу үчүн, төрт котормочу эки жарым жыл күжүрмөн эмгектенген. 27-апрелде, дүйшөмбү күнү, анын электрондук түрү jw.org сайтына салынды.

Сьерра-Леонедеги ишенимдештерибиз менен бирге баарыбыз Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» крио тилинде чыкканына кубанып жатабыз. Аны асмандагы Атабыз Жахабанын «жакшы, жеткилең белектеринин» бири десек жаңылбайбыз (Жакып 1:17).