Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 22-АВГУСТ
СЬЕРРА-ЛЕОНЕ

Сьерра-Леонеде адамдардын өмүрүн алып кеткен сел жүрдү

Сьерра-Леонеде адамдардын өмүрүн алып кеткен сел жүрдү

2017-жылдын 14-августунда эртең менен Сьерра-Леоненин борбор шаары Фритаунду сел каптап, дүкөндөр, жолдор жана үйлөр чоң бүлгүнгө учурады. Билдирүүлөргө ылайык, 400дөн ашуун киши набыт болуп, 600дөйү дайынсыз. Жаан дагы жаашы мүмкүн болгондуктан, бийликтегилер жагдай мындан да оорлойт деп кооптонушууда.

Сьерра-Леонедеги филиал билдиргендей, Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан эч ким каза болгон эмес жана жаракат алган эмес. Бирок эки үй-бүлөнү башка жакка көчүрүш керек болду. Жергиликтүү жыйналыштын аксакалдары ишенимдештерин колдоп, бекемдеп жатышат. Ошондой эле дагы сел жүрсө, эмне кылса болоруна байланыштуу маалымат берип жатышат.

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Сьерра-Леоне: Коллин Аттик, тел: +232-76-67-90-75