Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 31-ЯНВАРЬ
ТАИЛАНД

Таиланд өкмөтү коомду өнүктүрүү үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын колдонууда

Таиланд өкмөтү коомду өнүктүрүү үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын колдонууда

Бангкок. Таиланд бийлик өкүлдөрү өкмөттүн демилгеси менен бала тарбиялоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомдун психикалык саламаттыгын жана ден соолугун чыңдоо боюнча коомдук ишмерлерге билим берүү максатында Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын колдонууда. Таиланд бийлик өкүлдөрүнүн коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарын колдонуп жатканына бул айда үч жыл болду.

Таиланд өкмөтүнүн демилгеси менен ишке кирген билим берүү программасы жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүп, ага бүт өлкөдөгү 8 700дөн ашуун регионалдык билим берүү борбору катышууда. Андан тышкары, өкмөт коомдук ишмерлердин адистигин жогорулатууга жооптуу 11 борборду негиздеген. Бангкоктун түндүк-чыгышында жайгашкан Накхоннайок провинциясындагы билим берүү борборунун жетекчиси Чайват Сэнгсри (жогорудагы сүрөттө, ортодо) мындай деген: «Мен Жахабанын Күбөлөрүнө аябай суктанам. Алардын койгон максаты — элге Жараткан жөнүндө билим берүү. Коом тынч, жакшы жашашы үчүн, алар да, биз да элдин адеп-ахлактуулугун жогорулатууну көздөп жатабыз». Ошондой эле мындай деп кошумчалаган: «Мисалы, „Ойгонгула!“ журналына чыккан „Суук сөз айткандан алыс болгула“ деген макалада Коомду өнүктүрүү жана коргоо министрлиги жетекчилерди окутуп-үйрөтүүдө көздөгөн маселелер талкууланыптыр. Бул макала билим берүү ишинде аябай жардам берүүдө». Чайват мырза Жахабанын Күбөлөрүнө коомду жетектөө жана өнүктүрүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды үйрөтүү максатында өткөрүлө турган семинарга адабияттарын беришин сунуш кылган. Ал семинарга 100 жамаат жетекчиси, 28 провинциядан 20 мугалим чакырылган болчу. Жогорудагы сүрөттө Чайват мырза эки Жахабанын Күбөсүнүн ортосунда турат.

Таиланддагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Энтони Петратиотин мындай деген: «Коомдук жетекчилердин Ыйык Китепке негизделген адабияттарыбызды натыйжалуу колдонуп жатканы бизди кубандырат. Биз бийлик өкүлдөрүнө адабияттарыбызды мындан ары да берип турабыз жана окугусу келгендердин баарына тарата беребиз».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу: +1-845-524-3000

Таиланд, Энтони Петратиотин: +66-2-375-2200