Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 9-ЯНВАРЬ
ТАЙВАНЬ

Тайванда жер титирөө болду

Тайванда жер титирөө болду

6-февралда, шейшемби күнү, түн ичинде Тайвандын чыгыш жээгине жакын жерде кубаттуулугу 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, бери дегенде, 6 киши каза таап, 250дөн ашуун киши жаракат алган. Андан тышкары, 76 киши дайынсыз экени маалым болгон.

Жер титирөөдөн Жахабанын Күбөлөрүнүн эч кимиси өлүмгө дуушар болгон эмес жана жаракат алган эмес. Бирок жер титирөөдөн катуу жабыркаган Хуалянь шаарындагы адабияттар амис тилине (Тайвандагы жергиликтүү уруу сүйлөгөн тил) которулган алыскы котормо кеңсеси жана Падышалык залы катары имарат зыянга учураган. Ошондой эле котормочулардын айрымдары жашаган имарат талкаланып калгандыктан, аларды башка жакка көчүрүүгө туура келген. Жергиликтүү бир туугандар аларды тезинен турак-жай менен камсыз кылган. Тайвандагы филиал алардын зарыл нерселер менен камсыз болушуна жардам берүүдө.

Биз кырсыктан жабыр тарткан бир туугандарыбыздын ушундай оор учурда жүрөгүндө тынчтык болушун жана аларга кам көрүүгө дайындалган бир туугандардын чындап эле «шамалдан коргой турган калканычтай» боло алышын сурап тиленип турабыз (Ышая 32:2).

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000

Тайвань: Чен Йоңдиан, тел.: +886-3-477-7999