Мазмунун көрсөтүү

Түркия

Түркия жөнүндө кыскача маалымат

Түркия жөнүндө кыскача маалымат

Түркияда Жахабанын Күбөлөрү 1931-жылдан бери бар. Алар 1980-жылдардын аяк ченине чейин куугунтукталып келишкен. Кийинки жылдары өкмөт акырындык менен кысымын басаңдатып, Жахабанын Күбөлөрүнө сыйынууга уруксат берген. Бирок мыйзамдуу түрдө каттоодон баш тартып келген. 2007-жылдын июль айында Түркиянын соттору Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына чечим чыгарып, расмий түрдө каттагандан кийин, жагдай жакшы жакка өзгөргөн. Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү кандайдыр бир деңгээлде эркиндикке ээ. Алар сыйынуу үчүн чогулуп, диний иштерин жүргүзө алышат.

Бирок Түркия өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун тааный элек. Абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тарткан Жахабанын Күбөлөрү көптөгөн жылдардан бери кайра-кайра аскерге чакырылып, куугунтукталып, чоң суммадагы айып пул төлөп, түрмөлөргө камалып келишет. 2011-жылдан бери Адам укуктары боюнча Европа соту (АУЕС) Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына үч чечим чыгарган. 2012-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети да бул маселеге байланыштуу Жахабанын Күбөлөрүн колдогон чечим чыгарган. Бирок Түркия аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөсү болгон уландарды куугунтуктаганын улантууда.

2003-жылы Түркия чөлкөмдөштүрүү жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизген. Бул мусулман динин тутпаган азчылыктарга өздөрүнүн сыйынуу жайларын курууга жана ээлик кылууга жол ачкан. Бирок муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү соттор Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залдарына «сыйынуу жайлары» деген статус берүүдөн баш тартып келишет. АУЕСтин бул маселеге байланыштуу эки ишти карап бериши күтүлүүдө.