Мазмунун көрсөтүү

8-ФЕВРАЛЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Артур Янгибаев экинчи жолу соттолду

Артур Янгибаев экинчи жолу соттолду

Өкүм

2021-жылдын 18-январында Түркмөнстан соту Артур Янгибаевди абийири жол бербегендиктен аскерге барбаганы үчүн эки жылга түрмөгө кести. Бул — анын бейтараптуулук сактаганы үчүн экинчи жолу соттолушу.

Жеке маалымат

Артур Янгибаев

  • Туулган жылы: 1997 (Сейди шаары)

  • Кыскача таржымалы: Бала чагында башынан көп кыйынчылыктарды кечирген. Ошол себептен: «Эмне үчүн дүйнөдө адилетсиздик көп?» — деп тынчсызданчу. Ага бул суроонун жообун тапканга Жахабанын Күбөсү болгон эжеси жардам берген. Ошентип, 13 жашында Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анан 2014-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон.

    Курулушта иштейт. Үйлөрдү оңдоп-түзөйт. Ата-энеси анын боорукер жана жоопкерчиликтүү экенин айтышты. Кошуна-колоңдору да аны чынчыл болгону үчүн сыйлашат.

Иштин чоо-жайы

2016-жылы, 8-августта Артур абийири жол бербегендиктен улам аскер кызматына баруудан баш тартканы үчүн тергөө камак жайына камалган. 30-августта аны 2 жылга түзөтүү жумушун аткарууга милдеттендиришкен. Ал 2018-жылдын сентябрында толугу менен түзөтүү жумушун аткарып бүткөн.

2020-жылдын 15-декабрында аны аскерге экинчи жолу чакырышкан. Андан кийин прокуратурада суракка алышкан жана эмне үчүн аскердик кызмат өтөбөй турганын кагаз жүзүндө түшүндүрүшүн талап кылышкан.

2020-жылдын 30-декабрында прокуратура ага каршы кылмыш иши козголгонун билдирген. Бийликтегилер анын паспортун тартып алышкан.

Биринчи жолу соттолгондон кийин Артур мындай деген: «Римдиктер 8:37—39-аяттарда жазылган сөздөр Жахабага ишенимдүү бойдон калууга мага эч ким, эч нерсе тоскоолдук кыла албай турганына ынандырат». Жахабанын жардамы менен Артур бул кыйынчылыкты туруктуулук менен көтөрүп кете алат деп ишенебиз.