Мазмунун көрсөтүү

Эзиз Атабаев (түрмөдөн бошотулгандан кийин)

14-ЯНВАРЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

«Бул сыноону Жахабанын жардамы менен көтөрүп кеттим»

«Бул сыноону Жахабанын жардамы менен көтөрүп кеттим»

Эзиз Атабаев диний ишениминен улам аскердик кызматка баруудан баш тартканы үчүн түрмөдө эки жыл отурган. Ал 2020-жылдын 19-декабрында бошотулган. Акыркы он жылдан бери 46 ишенимдешибиз колуна курал алуудан баш тартканы үчүн түрмөгө отуруп чыгышты.

Атабаевдин сот иши 2016-жылы ал аскерге чакырылганда башталган. Ал диний ишениминен улам согушууга үйрөнбөй турганын түшүндүрүп, аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан. Анын иши шаардык прокуратурага жөнөтүлгөн. Ошондон дээрлик эки жыл өткөндөн кийин Эзиз сот отурумуна чакырылган. Ошентип, соттун чечимине ылайык, 2018-жылдын 19-декабрында 2 жылга эркинен ажыратылган.

Эзиз мындай дейт: «Түрмөгө камалганга чейин меникиндей жагдайга туш болгон же түрмөгө отуруп чыккан ишенимдештерим менен сүйлөштүм. Ошонун аркасында эмнелерге даяр болушум керектигин билдим. Андан тышкары, адабияттарыбызга чыккан өмүр баяндарды, Ыйык Китептеги ишенимди бекемдеген аяттарды окудум.

Түрмөгө камалар күнү бир бир тууган мага Ышая 30:15теги: „Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет“,— деген сөздөрдү окуп берди. Ошол аят жан дүйнөмө тынчтык берип, бардык нерседе Жахабага таянганга жардам берди. Камакта отурган ар бир күнү ошол аятты эсиме салып, ой жүгүртүп турчумун».

Абактагы шарттар катаал болсо да, Эзиз үйүндөгүлөрүн сагынып көбүрөөк кыйналган. «Мени менен чогуу отурган башка ишенимдештериме мурункудан да жакын болуп калдым. Биз ынак достордон болуп калдык. Бул мага үй-бүлөмдү, досторумду сагынып көп куса болбогонго жардам берди»,— дейт ал.

Эзиз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай башкаларга кабар айтканга аракет кылчу. Ал мындай дейт: «Кабар айтканымда башында кээ бирөөлөр мени уккусу келчү эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен кызыга башташты. Түрмөгө жаңы бирөөлөр келгенде, аларга да айтчумун. Эгер каршы болушса, мен мурда кабар айткан улуураак кишилер менин айткандарымды жактап, билгендерин алар менен бөлүшө башташчу».

Алдыдагы кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө эмнелер жардам берерине байланыштуу Эзиз мындай деп кеңеш берет: «Ыйык Китепти казып изилдегиле. Жахабага баарын төкпөй-чачпай айтып бергенди адат кылып алгыла. Ага жүрөгүңөрдөгүнүн баарын айткыла: эмнелерге тынчсызданып жатканыңарды, эмнеден коркуп жатканыңарды, кандай сезимде болуп жатканыңарды айткыла.

Бул сыноону Жахабанын жардамы менен көтөрүп кеттим. Анын мени мындан ары да колдой береринен эч шектенбейм. Ошондуктан алдыда кандай кыйынчылык болбосун, коркпойм» (Забур 118:6).