Мазмунун көрсөтүү

Ихлосбек Розметов

22-ЯНВАРЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Ихлосбек Розметов диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн экинчи жолу соттолду

Ихлосбек Розметов диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн экинчи жолу соттолду

Өкүм

2021-жылы, 19-январда Түркмөнстандын соту Ихлосбек Розметовго каршы өкүм чыгарды. Ал колуна курал алуудан баш тартканы үчүн катуу режимдеги түзөтүү абагына эки жылга камалды. Бейтараптуулук сактаганы үчүн ал экинчи жолу соттолуп отурат.

Жеке маалымат

Ихлосбек Розметов

  • Туулган жылы: 1997 (Андалиб)

  • Кыскача таржымалы: Ихлосбектин эки бир тууганы бар. Он жашынан тартып эле үй-бүлөсүн бакканга жардам бериш үчүн иштей баштаган. Спорт оюндарын ойногонду, китеп окуганды, музыка укканды жакшы көрөт. Апасы 2010-жылы Ыйык Китепти изилдей баштаган. Бир жылдан кийин ага Ихлосбек да кошулган.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 11-июлунда Ихлосбек Розметов диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн бир жылга Сейди түрмөсүнө камалган. Ал кезде Ихлосбек 20 жашта болчу. Мөөнөтү аяктагандан кийин боштондукка чыгарылган. Түркмөнстандын мыйзамына ылайык, абийиринен улам аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн ал экинчи жолу да камалышы мүмкүн болчу.

Ошол себептен 2020-жылдын 25-ноябрында ал дагы бир жолу аскерде кызмат өтөөгө чакырылган. Ошондо көз карашын сылык түшүндүрүп берген. Бирок бийлик башындагылар ага каршы кылмыш ишин козгоп, аны мурункусунан узагыраак мөөнөткө түрмөгө кескен. Себеби Ихлосбек колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу соттолуп жаткан болчу.

Ал ишенимдешибиз түрмөгө биринчи жолу камалганда «бир топ эле оор болгонун» айткан. Бирок камалганга чейин ал Ыйык Китептеги аяттарды окуп, жаттап алгандыктан туруктуулугунан жазган эмес. Ага, өзгөчө, Филипиликтер 4:6, 7деги аяттар тууралуу ой жүгүрткөнү дем-күч берген. Аятта жазылгандар ага «эч нерсени ойлоп тынчсызданбай», «Кудайдын тынчтыгын» сурашы керектигин, оор жагдайларда жан дүйнө бейкуттугун жоготпошу керектигин эсине салган. «Ошондой оор учурларда Жахабадан тынбай тилене бердим. Ошонун аркасында анын жанымда экенин сезип жаттым»,— дейт Ихлосбек.

Биз Жахабанын Ихлосбекти жана андан үмүт арткан башка бир туугандарыбызды калтырбай, күч береринен шектенбейбиз (Ышая 40:29—31).