Мазмунун көрсөтүү

Максат Жумадурдыев

28-ЯНВАРЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Максат Жумадурдыев колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу камакка алынды

Максат Жумадурдыев колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу камакка алынды

Өкүм

2021-жылы, 18-январда Түркмөнстан соту Максат Жумадурдыевди айыптуу деп тапты. Ал диний ишениминен улам аскерге баруудан баш тартканы үчүн эки жылга эркинен ажыратылды.

Жеке маалымат

Максат Жумадурдыев

  • Туулган жылы: 2000 (Сейди шаары, Лебап облусу)

  • Кыскача таржымалы: Үч бир тууган. Мектепте жакшы окуучу. Спорт оюндарын жакшы көрөт. Сүрөт тартуу өнөрүнө шыктуу. Башкалар аны момун, чынчыл, жан-жигери менен иштеген бала катары билишет

    Ыйык Китепти 2018-жылы изилдей баштаган. 2019-жылы чөмүлгөн. Үй-бүлөсүнөн жалгыз өзү эле Жахабанын Күбөсү

Иштин чоо-жайы

Максат Жумадурдыев буга чейин да колуна курал алуудан баш тартканы үчүн бир жыл түрмөгө камалып, 2019-жылдын 17-июлунда бошотулган. Түркмөнстанда диний ишениминен улам аскерге барбагандар эки жолу соттолушу мүмкүн. Ошондуктан 2020-жылдын мартында Максат кайрадан аскерге чакырылган. Аскерге баруудан баш тартканы үчүн экинчи жолу түрмөгө камалышы ыктымал экенин билсе да, ал абийири жол бербегендиктен аскерге бара албай тургандыгын билдирип түшүнүк кат жазган.

Бир нече жолу суракка алынгандан кийин жана медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин 2020-жылдын 30-декабрына Максатка каршы кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, бийликтегилер анын паспортун тартып алышкан.

Биринчи жолу соттолуп, түрмөгө камалганда Максат башынан көп кыйынчылыктарды кечирген. «2018-жылы түрмөгө алып кетишкенде ата-энемди сагынып, аябай куса болгом. Мен үчүн баарынан да ушул нерсе чоң сыноо болду... Ата-энем Жахабанын Күбөсү эмес. Ошондуктан, эгер ушул жолду тандай турган болсом, мага эч бир жагынан колдоо көрсөтпөй турганын айтышкан»,— дейт ал.

Андан ары сөзүн мындай деп улайт: «Үй-бүлөмдү, досторумду сагынганда Марк 10:29, 30-аяттардагы сөздөр мага күч берчү. Ал жерде жазылгандай, эгер биз Иса үчүн, жакшы кабар үчүн кайсы бир нерселерди калтырсак, жүз эсе көп сыйлык алабыз».

Түрмөдө отурганда Максат Жахабанын анын тиленүүлөрүнө көз ачып-жумганча эле жооп бергенин, кыйынчылыктардан куткарып кеткенин көп жолу сезген. Ошондой эле Жашыя 1:9дагы: «Кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деген сөздөрдү көп эстечү.

Экинчи жолу соттолор алдында Максат Ыйык Китеп боюнча тарбияланган абийирине ылайык иш кылууга чечкиндүү экенин билдирген. Ал: «Экинчи жолу камалышым керек болсо да, Жахабанын мага, кандай жагдай болбосун, жардам берерине ишенем. Филипиликтер 4:6, 7деги сөздөр мага кайраттуу болгонго, дүрбөлөңгө түшпөгөнгө жардам берип жатат»,— деген.

Биз Максат бир тууганыбыз үчүн жана Жахаба тарапты кайраттуулук менен ээлеп жаткан жаш ишенимдештерибиз үчүн мындан ары да тиленип турабыз. Жахаба түрмөдө отурган ишенимдүү бир туугандарыбызга батасын мол төгөрүнөн эч шектенбейбиз (Аян 2:10).