11-ФЕВРАЛЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН
Назар Аллыев аскерде кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн бир жылга кесилди
Өкүм
2021-жылдын 10-февралында Түркмөнстан соту диний көз карашынан улам аскерге баруудан баш тарткан Назар Аллыевди айыптуу деп таап, бир жылга түрмөгө камады.
Жеке маалымат
Назар Аллыев
Туулган жылы: 2000 (Лебап облусу)
Кыскача таржымалы: Апасы, бир туугандары менен Түркмөнабад шаарында жашайт. Волейбол, футбол ойногонду жакшы көрөт. Ага жүрөк оорусуна байланыштуу эки диагноз коюлган. Үй-бүлөсүнө акча жагынан жардамдашыш үчүн чачтарач болуп иштейт.
Апасы аны Ыйык Китептеги принциптерге ылайык тарбиялаган. 2015-жылы 14 жашында чөмүлгөн. Башкалар аны дайыма күлүп-жайнап жүргөн, март, момун жигит катары билишет. Бейтараптуулук сактап жатканына үй-бүлөсү аябай сүйүнүп жатат.
Иштин чоо-жайы
2020-жылы, 16-майда Назар Аллыевди аскерге чакыруу кеңсесине алып кетишкен. Ал жердеги кызматкерлер аны аскер кийимин кийүүгө мажбурлашкан. Ошентүү менен анын аскерге кошулганын көрсөтөбүз деп ойлошкон. Бирок Назар аскер кийимин кийүүдөн баш тарткан. 28-майда Назар Аллыев дагы бир жолу бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, аскерде кызмат өтөөдөн баш тартарын билдирген. Кийинки айда ал райондук аскерге чакыруу кеңсесине кат жазып, диний көз карашын түшүндүрүп берген.
2021-жылдын 4-январында Назар апасы экөө Хожамбаздагы прокуратурага барышкан. Назар ал жердеги кызматкерлерге эмне үчүн аскердик кызматтан баш тартып жатканын түшүндүрүп, альтернативалык кызматты беришин сураган. Бирок тергөөчү ага каршы кылмыш иши козголорун билдирген.
Назар бир тууганыбыз азыр 20 жашта. Ал: «Ушундай жагдайларда Жахабага таянсаң, жан дүйнөңдү тынчтандырат экен. Жахаба жардам бергендиктен, эч коркпойсуң»,— дейт.
Ошондой эле мындай деп кошумчалайт: «Башыман өткөн окуяларды эстегенде Жахабанын дайыма мени колдоп келгенин түшүнөм. Ошондон улам ал мени кийин да калтырбай турганына ого бетер ынанып калам».
Түркмөнстанда альтернативалык жарандык кызмат азырынча жок. Ошол себептен диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тарткан инилерибиз эки жылга чейин түрмөгө камалып келишет. Бейтараптуулук сактаганы үчүн учурда Түркмөнстанда 15 бир тууганыбыз түрмөдө отурат.
Биз Жахабанын Назарга да, Түркмөнстандагы дагы башка инилерибизге да «берилгендик көрсөтөрүнөн» шектенбейбиз (Забур 18:25).