Мазмунун көрсөтүү

Руслан Артыкмырадов

11-ЯНВАРЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Руслан Артыкмырадов колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу соттолгону турат

Руслан Артыкмырадов колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу соттолгону турат

Өкүм жарыяланчу күн

Түркмөн өкмөтү жакында a Руслан Артыкмырадовго байланыштуу чечимин жарыялайт. Диний ишениминен улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тартканы үчүн ал эки жылга эркинен ажыратылганы турат. Руслан 2020-жылдын 15-декабрынан бери камакта отурат. Колуна курал алуудан баш тартканы үчүн ал экинчи жолу соттолууда.

Жеке маалымат

Руслан Артыкмырадов

  • Туулган жылы: 2000 (Алпан Геңешлик айылы)

  • Кыскача таржымалы: Айыл жергесинде чоңоюп-өскөн. Унаа оңдоочу жайда иштечү. Жакшы окуган бала болчу. Футбол ойногонду жакшы көрөт.

    Ыйык Китептеги принциптерге карманып жашаганды апасынан үйрөнгөн. Жахабанын Күбөлөрүнүн арасында өкүм сүргөн сүйүүгө, ынтымакка таасирленип, Жахабанын Күбөсү болууну чечкен. 2015-жылы 15 жашында чөмүлгөн. Жахаба Кудайды сүйгөндүктөн колуна курал алуудан баш тарткан.

Иштин чоо-жайы

18 жаштагы Руслан 2018-жылы, 13-августта аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканы үчүн бир жылга соттолгон. Жаза мөөнөтү толук аяктагандан кийин, 2019-жылдын 12-августунда бошотулган.

Түркмөнстандын мыйзамына ылайык, диний көз карашынан улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан жаштар эки жолу соттолушу мүмкүн. Ошондуктан 2020-жылдын ноябрында Русланга аскерге чакыруу кагазы келген.

Бул жолкусунда да, экинчи жолу соттолушу мүмкүн экенин билсе да, ал андан баш тарткан. 2020-жылдын 15-декабрында ал камакка алынып, соттун чечими чыкканга чейин тергөө камак жайына камалган.

Руслан Жахабага болгон берилгендигин аягына чейин сактаганга чечкиндүү. Биринчи жолу соттолгонун эстеп, ал мындай деген: «Оор болорун, адилетсиз мамилеге кабыларымды билсем да, корккон эмесмин. Жахаба менен болгон мамилемди, кубанычымды эч нерсеге алмаштырмак эмесмин».

Темир тордун артында Руслан баштан оор күндөрдү кечирген. Түрмөнүн шарты аябай эле начар болчу, ага да көп учурда адилетсиз мамиле кылышкан. Бирок, кандай жагдай болбосун, ал Жахабанын колдоосун дайыма сезген. Руслан мындай деп эскерет: «Түрмөдө жүргөнүмдө Жахабанын жардамын күнүгө сезип жаттым. Мисалы, кимдир бирөөлөр уруп жатканда денемдин ооруганын сезчү эмесмин». Андан тышкары, бир туугандардын колдоосу ага дем-күч берген. Ошондой эле анын жанындагыларга жакшы таасир калтырган.

Жакында дагы бир жолу соттолушу мүмкүн экенин билсе да, Руслан Жахабанын жардам береринен шектенбейт. Ал: «Жахаба мени сыйлыксыз калтырбай турганына бекем ишенем... Үмүтүң бекем болсо, кубанычыңдын чеги жок болот. Ал эми кубанычың болсо, чыдаганга күчүң болот. Күчтүү кишини болсо эч ким эч качан сындыра албайт»,— деген.

Русландын жана башка кайраттуу жаш ишенимдештерибиздин мыкты үлгү көрсөтүп жатканына абдан ыраазыбыз. Бул, башыбызга кыйынчылык түшсө, Жахабанын аны кайраттуулук, кубаныч менен көтөрүүгө жардам берерине ынандырат. Кудайдын Падышалыгын берилгендик менен колдоп жаткан андай бир туугандарыбыздын баарын чоң сыйлык күтүп турат (Еврейлер 11:6).

a Өкүмдүн качан чыгары дайыма эле белгилүү боло бербейт.