Мазмунун көрсөтүү

Оразгелдив Мурат

7-СЕНТЯБРЬ, 2020
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстанда Оразгелдиев Мурат аскер кызматынан баш тартканы үчүн соттолду

Түркмөнстанда Оразгелдиев Мурат аскер кызматынан баш тартканы үчүн соттолду

Өкүм

2020-жылдын 3-сентябрында Мары облусундагы Векилбазар райондук соту Мурат Оразгелдиевди абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тартканы үчүн бир жылга кести. Оразгелдиев өкүмгө карата доо арызын даярдап жатат.

Жеке маалымат

Мурат Оразгелдиев

  • Туулган жылы: 2002 (Мары шаары)

  • Кыскача таржымалы: Официант болуп иштеп, үй-бүлөсүнө каражат жагынан жардам берчү. Спортту, ыр жазганды жакшы көрөт.

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын июнунда, 18ге чыкканына бир ай болгондон кийин эле, аскер кызматын өтөө үчүн аскер комиссариатына чакырылат. Мурат аскер кызматын өтөөгө эмне себептен макул эмес экенин, анын ордуна альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдирет.

2020-жылдын 1-июлунда аскер комиссариатынын үч өкүлү Муратты үйүнөн алып кеткени келишет. Ал алар менен баруудан баш тартат. Кийинчерээк, ошол эле күнү, доктур аны аскер кызматын өтөөгө жарактуу деп табат.

2020-жылдын 14-июлунда прокуратура Муратты суракка алыш үчүн чакыртат. Август айында болсо ага күнөө коюлуп, кылмыш иши сотко өткөрүлөт.

Оразгелдив Мурат жана түрмөдө отурган дагы 10 бир тууганыбыз үчүн тилене берели. Жахаба Кудайыбыз аларга кайраттуу, бекем болгонго жардам береринен эч шектенбейбиз (Забур 31:24).