Мазмунун көрсөтүү

Селим Таганов

24-НОЯБРЬ, 2020
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстанда Селим Таганов 1 жыл түрмөдө отуруп чыкты

Түркмөнстанда Селим Таганов 1 жыл түрмөдө отуруп чыкты

«Жахабадан тиленгенимде, жан дүйнөм тынч алып жатты»,— дейт Селим Таганов. Ал 2020-жылдын 3-октябрында абактан бошотулган. Селим 19 эле жашта. Абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткандыгы үчүн 1 жыл түрмөдө отуруп чыкты.

Селим Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда туулган. Мектепте жакшы окуган. Музыканы аябай жакшы көрөт. Ыр жазат, ырдайт, гитарада ойнойт. Ата-энеси, эки бир тууганы, достору анын боорукер, жумшак экенин жана дайыма кубанып жүрөрүн айтышат. Селим соттолгонго чейин сот тарабынан дайындалган анын жактоочусу мындай деген: «Ал чынчыл, аябай жакшы бала экен. Тамеки чекпейт, ичимдик да ичпейт экен. Мектепти жаңы эле бүтүрүптүр. Түрмө анын жашоосун талкалайт».

Түрмөдөгү жашоо чын эле оңой эмес. Ошентсе да Селим мындай дейт: «Абакта отурганда Жахаба менен болгон мамилем абдан чыңдалды. Үйдө жүргөндө окуп-билген Ыйык Китептеги чындыктарды эстедим. Аларды мурдагыдан да тереңирээк түшүнүп калдым. Ышая 41:10, 11 сыяктуу аяттардын үстүнөн ой жүгүрткөндө кадимкидей кайраттанып калып жаттым.

Убактылуу кармоочу жайда соттун чечимин күтүп жатканда аябай оор болду. Анткени сүйлөшө турган, ичимдегилерди бөлүшө ала турган эч ким жок болчу. Бирок Жахабадан жардам сурап тилендим. Ошондо башында мени жек көрүп, коркутуп-үркүткөн түрмөдөгү кишилер да, сакчылар да мени колдоп, кайрат берген сөздөрдү айта башташты. Мунун баары Жахабанын мени колдоп жатканына ынандырды».

Селимге жергиликтүү ишенимдештери да дем-күч беришкен. «Түрмөгө камалганымда, көптөр салам жолдоп, ишенимимди бекемдеген ойлор менен бөлүшүштү,— деп эскерет Селим.— Аларды жаттап алып, кайра-кайра кайталачумун. Бул мага күч берип, жубатчу».

Түркмөнстандын мыйзамына ылайык, Селим кайрадан аскерге чакырылышы мүмкүн. Ошондой болсо, ал кийинки жолу узагыраак убакытка камалышы ыктымал. «Жахабанын жардамы менен бул кыйынчылыкты көтөрүп кеттим. Ошонун аркасында көп коркпой калдым. Жахабанын колдоосун сезгеним мага кайрат берип, өзүмдү ишенимдүү сезгенге көмөк кылып жатат»,— дейт Селим.

Келечекте баарыбыз кыйынчылыктарга кабылабыз. Бирок Селимдин бул сөздөрү бизди бекемдейт: «Меникиндей кыйынчылыктарга туш боло тургандарга Ышая 30:15теги: „Тынчыңар кетпесе, ишеним артсаңар, бул силерге күч берет“,— деген сөздөрдү эсиңерден чыгарбагыла демекмин».