Мазмунун көрсөтүү

3-НОЯБРЬ, 2020
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстанда 1 жыл түрмөдө отурган Давид Петросов бошотулду

Түркмөнстанда 1 жыл түрмөдө отурган Давид Петросов бошотулду

19 жаштагы ал ишенимдешибиз Түркмөнстанда жашайт. Жаш болсо да, жакында эле ишенимин сынаган оор кыйынчылыкка кабылды: абийиринен улам аскерде кызмат кылуудан баш тартканы үчүн 1 жыл түрмөгө отуруп чыкты. Давид абактан 2020-жылдын 30-сентябрында бошотулду.

Ал мындай дейт: «Түрмөдө отурганда көңүлүм чөккөн учурлар болгон. Бирок Жахаба мени Сөзү аркылуу жубатып жатты. Анын сезимдеримди түшүнөрүн, сооротконго даяр экенин билгендиктен андан дайыма тиленчүмүн. Ар кайсы жагдайда ар кайсы аяттар күч берип жатты. Бирок көбүнчө Филипиликтер 4:13тү эстечүмүн».

Давид Петросов Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабадда туулган. Бала кезинде гитара ойногонду үйрөнгөн. Ыр жазганды, футбол ойногонду, тоого чыкканды, көлдө сүзгөндү жакшы көрөт.

Ал Жахабанын Күбөсү болгон классташы менен Ыйык Китепти изилдеп, 2019-жылы чөмүлгөн. Үй-бүлөсүнөн эч ким Жахабанын Күбөсү эмес. Бирок анын көз карашын сыйлашат.

Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй Давид аскердик кызматтан баш тартканы үчүн соттолгон. Түркмөнстанда альтернативалык жарандык кызмат жок болгондуктан, ал 1 жылга түрмөгө кесилген.

Абакта отурган убакта Давид Жахабанын колдоосун көп ирет сезген. «Түрмөдө отурганда, апам келе албаган ишенимдештеримдин саламын айтып жатты,— деп эскерет Давид.— Ошондой эле мен үчүн тынбай тиленип жатышканын айтчу. Ошондо көңүлүм кадимкидей көтөрүлүп калчу».

Түркмөнстандын мыйзамына ылайык, Давид экинчи жолу аскерге чакырылышы мүмкүн. Ошондой боло турган болсо, ал айыптуу деп табылып, узагыраак убакытка кесилиши ыктымал.

Давид: «Башкалардай эле, менин да түрмөгө кайра баргым келбейт. Бирок эч нерседен коркпойм. Жахабага болгон ишенимим, ишенимдештерим, Падышалык ырлары мага кайраттуу болгонго жардам берип келет»,— деп бөлүшөт.

Биз Жахабанын мындан ары да Давиддин ишенимин бекемдеп, кайрат береринен шектенбейбиз. Ошондой эле Түркмөнстанда абийир туткундары болгон абактагы 10 ишенимдешибиз үчүн да тиленип турабыз. Жахабанын аларды жакшы көрөрүнө, унутпай турганына жана колдооруна бекем ишенебиз (Забур 69:33).