Мазмунун көрсөтүү

13-ЯНВАРЬ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстандын аскердик соту Руслан Артыкмырадовду 2 жылга эркинен ажыратты

Түркмөнстандын аскердик соту Руслан Артыкмырадовду 2 жылга эркинен ажыратты

2021-жылдын 11-январында Түркмөнстандын аскердик соту Руслан бир тууганыбызды айыптуу деп таап, 2 жылга түрмөгө кести. Ал колуна курал алуудан баш тартканы үчүн 2-жолу соттолду.

Өкүм чыккандан кийин деле Руслан кубанычын жоготкон жок, жүзүнөн да жылмаюу кеткен жок. Сот залынан алып чыгып баратышканда, ал Исанын Матай 24:13төгү: «Акырына чейин чыдаган адам куткарылат»,— деген сөздөрүн айткан.

Түркмөнстандагы жаш бир туугандарыбыздын ишенимин бекем сактап жатканы бизди кайраттандырууда. Алар «алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп», туруктуу болгон Иса Машаяктан үлгү алып жатышат (Еврейлер 12:2).