Мазмунун көрсөтүү

Сердар Давлетов, июнь, 2019

9-ДЕКАБРЬ, 2019
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстандын соту Сердар Давлетовду үч жылга эркинен ажыратты

Түркмөнстандын соту Сердар Давлетовду үч жылга эркинен ажыратты

Түркмөнстандагы сот 2019-жылдын 12-ноябрында 26 жаштагы Сердар Давлетовду үч жылга түрмөгө камоого байланыштуу чечим чыгарган. Сердар — абийиринен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн камакка алынган он ишенимдешибиздин бири. Алардын үчөө 2018-жылы, жетөө 2019-жылы камалган. Жаза мөөнөттөрү бир жылдан төрт жылга чейинки убакытты түзөт.

Сердар Давлетов Түркмөнстандын түштүк-чыгышындагы Марый аймагында жайгашкан Байрамали шаарынын тургуну болот. Анын колуктусу Суря да, апасы Соня да Жахабанын Күбөсү.

Сердардын иши 2019-жылдын 11-ноябрында башталган. Ал сотко абийиринен улам аскердик кызматтан баш тартып жатканын түшүндүргөн. Андан тышкары, сотто үч доктур анын он эки эли ичегисиндеги жарадан улам аскерде кызмат өтөөгө жараксыз экенин айтып ант беришкен.

Ошого карабай сот Сердарды аскердик кызматтан баш тартыш үчүн «амалкөйлүк» кылып жатат деп айыптап, жергиликтүү тергөө камак жайына каматкан. Жакынкы арада ал Лебап чөлдүү аймагындагы Сейди түзөтүү-эмгек абагында отурган тогуз ишенимдешине кошулат. Ал доо-арыз менен тийиштүү сотко кайрылат.

Түркмөнстанда адилетсиздикке кабылып жаткан ал боордошторубуз үчүн тиленип турабыз. Биз Жахабанын кынтыксыздыгынан жазбаган ал кайраттуу ишенимдештерибизди колдорунан шектенбейбиз (Забур 37:18, 24).