Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Сабуров Элдор менен Санжарбек

7-АВГУСТ, 2020
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстандын соту Элдор менен Санжарбек Сабуровдорду эки жылга эркинен ажыратты

Түркмөнстандын соту Элдор менен Санжарбек Сабуровдорду эки жылга эркинен ажыратты

2020-жылдын 6-августунда Элдор менен Санжарбек Сабуровдор абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн эки жылга кесилди. 25 жаштагы Санжарбек менен 21 жаштагы Элдор — ага-ини. Сот бир туугандардын доо арызын канааттандыруусуз калтырды. Ушу менен сот аларды экинчи ирет күнөөлүү деп тапты.

2016-жылы Санжарбек абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тартарын билдирген эле. Ошондо ал айыптуу деп табылып, эки жылга шарттуу соттолгон.

Кийинки жылы иниси Элдор да аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан. Ал эки жылга түзөтүү жумуштарына соттолуп, тапкан айлыгынын 20 пайызын мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген.

Түркмөнстандын мыйзамы абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды экинчи жолу жоопко тартууга жол берет. Ошондуктан 2020-жылдын апрелинде аскердик комиссариат Сабуровдорду кайрадан аскердик кызматты өтөөгө чакырган. Экөө тең мурункудай эле баш тарткандыктан аларга каршы кылмыш иши козголуп, акыры минтип эркинен ажыратылышты.

Абакка камалганына кыйналган жаш бир туугандарыбыздан сырткары, ата-энеси да оор жагдайга дуушар болушту. Атасынын белинин өнөкөт оорусу бар, ошон үчүн жумушка жарабайт. Түрмөгө кесилген эки баласы пахта иштетип бүт үй-бүлөсүн багышчу. Эми ата-энесинин каражат жагынан колдогон эч кимиси жок. Кайра өздөрү камалган эки баласына кам көрүүгө мажбур болуп жатышат.

Түркмөнстанда аскердик кызматтын ордуна альтернативалык жарандык кызмат караштырылган эмес. Ошондуктан абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жаш уландарыбыз бир жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилип келет. Учурда Сабуровдор менен чогуу эсептегенде Түркмөнстанда бейтараптуулукту сактаганы үчүн он бир тууганыбыз абакта отурат.

Жахаба Кудайыбыздын Түркмөнстандагы көз карашын эр жүрөк менен коргогон бир туугандарыбызды батасыз калтырбай турганына толук ишенебиз. Ал Аса падышага: «Силер кайраттуу болгула, ындыныңарды өчүрбөгүлө, анткени кылган иштериңер үчүн сыйлык аласыңар»,— деп убада бергенин унутпайлы (2 Жылнаама 15:7).