Мазмунун көрсөтүү

Кервен Какабаев абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн бир жылга кесилип кеткен

2018-ЖЫЛ, 28-МАРТ
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстан жарандарынын абийир эркиндигин эске албай иш кылууда

Түркмөнстан жарандарынын абийир эркиндигин эске албай иш кылууда

2018-жылдын январында Арслан Бегенчов жана Кервен Какабаев аскердик кызматты өтөөдөн баш тартышканы үчүн бир жылга эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарылган. Бул эки жаш жигит — Жахабанын Күбөсү. Алар диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тартышса да, альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдиришкен. Бирок Түркмөнстан өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматын өтөөдөн баш тарткандардын негизги укугун сыйлабай келет жана андай жарандары үчүн альтернативалык жарандык кызматты киргизген эмес.

Кармоо, айыптоо жана түрмөгө камоо

Бийликтегилер Арслан Бегенчовду 2-январда кармап, сот отурумуна чейин убактылуу тергөө жайына камап коюшкан. 17-январда сот аны аскер кызматынан баш тартканы үчүн күнөөлүү деп таап, бир жылга кесип жиберген. Арслан Бегенчов соттун адилетсиз чечимине макул эмес экенин билдирип, доо арыз менен кайрылган.

Бийликтегилер Кервен Какабаевди да январда камап, 29-январда адилетсиз түрдө бир жылга кесип жиберишкен. Анын иши каралып жатканда сот ага БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин анын укугун коргогон чечимин колдонууга уруксат берген эмес. Өкүнүчтүүсү, Кервен Какабаевдин доо арызын сот ошол бойдон карабай калышы мүмкүн. Түрмө башчылары Какабаевдин жактоочулары даярдап берген сотко керектүү документтерди ага бердиртпей коюшкан. Ошонун кесепетинде ал, мыйзамга ылайык, соттун чечими чыккандан тартып он күндүн ичинде доо арыз менен кайрылууга мүмкүндүк берген документтерге кол коюп бере албай калган.

Какабаев абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн экинчи жолу жазага тартылууда. 2014-жылдын декабрында бийликтегилер аны эки жыл түзөтүү жумушун аткарсын деген чечим чыгарган. Бул аны эки жыл бою ар бир айлык маянасынын 20 пайызын өкмөткө төгүүгө милдеттендирген.

«Абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандардын укугун дагы деле сыйлабай» жатышат

Түркмөнстан өкмөтү жарандарынын негизги укуктарын сыйлай турганын ырастап келет. Ошенткени менен эл аралык мыйзамдар боюнча иш кылууга карата айтылган чакырыктарга карабай, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан жарандарынын укугун сыйлабай келет.

2015 жана 2016-жылдары БУУнун Адам укуктары боюнча комитети абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан он Жахабанын Күбөсүнүн доо арызынын негизинде Түркмөнстан өкмөтүнө каршы чечимдерди чыгарган. Ал чечимдер аркылуу Адам укуктары боюнча комитет Түркмөнстан өкмөтүнө аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербеген Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганы жана камакка алганы үчүн катуу эскертүү берген. 2017-жылдын апрель айында Адам укуктары боюнча комитет Түркмөнстан өкмөтүнө «абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тарткандардын укугун дагы деле сыйлабай жатканына жана Жахабанын Күбөлөрүн кайрадан куугунтуктап, камакка алып жатканына» нааразы экенин билдирген. Ал Комитет Түркмөнстан өкмөтүн абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды куугунтуктоону токтотуш үчүн жана учурда ошол себеп менен түрмөдө отургандарды бошотуш үчүн альтернативалык жарандык кызматты киргизүүгө милдеттендирген.

Акыркы жылдарда өкмөттүн абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга кылган мамилеси бир аз жакшырган. 2014-жылдын декабрынан тартып, абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүн түрмөгө камагандын ордуна, бир жылдан эки жылга чейинки убакыт аралыгында ар бир айлыгынын 20 пайызын жазапул катары (2014-жылы Какабаевге ушундай жаза чарасы колдонулган) өкмөткө төгүүгө милдеттендирип келет же айрым учурларда шарттуу соттоо a чараларын колдонот. Ошентип, 2015-жылдын февраль айында абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөдө отурган акыркы Жахабанын Күбөсү бошотулган. Бирок жакында Бегенчов менен Какабаевге каршы иш козголгондо, Түркмөнстан өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугу сыйланышы керектигин баарына маалым кылгандын ордуна, аларга мурункудан да катаал мамиле жасаган.

Жахабанын Күбөлөрү түрмөгө аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандан башка себеп менен да камалууда

Түркмөнстан өкмөтү Арслан Бегенчов менен Кервен Какабаевди жакында эле түрмөгө камагандан тышкары, дин тутуу эркиндигин колдонуп иш кылганы үчүн камакка алынган Бахрам Хемдемовду дагы деле бошотпой келет. Төрт баласы бар Бахрам Хемдемов Түркменабадда өз үйүндө диний жолугушууну өткөргөнү үчүн кармалып, түрмөгө кесилген. Акыркы эки жылдын ичинде Түркмөнстандын президенти бир нече жолу мунапыс жарыялаган, бирок 2015-жылдан бери түрмөдө отурган Бахрам Хемдемов дагы деле бошотула элек. Түрмөдө отурган миңдеген кишилерге мунапыс жарыяланса да, Хемдемовдун арызы жоопсуз калтырылып келет.

Жахабанын Күбөлөрү Түркмөнстандагы ишенимдештеринин түрмөдөн бошотулушун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Алар Түркмөнстан өкмөтүнүн жарандардын дин тутуу жана абийир эркиндигин сыйлаарына, ошондой эле учурдагы адилетсиздикти жоёруна үмүттөнүүдө.

a Шарттуу соттоо — сыноо мөөнөтү белгиленген жаза чарасы. Шарттуу соттолгон киши жаза мөөнөтүн түрмөдө өтөбөйт.