Түркмөнстан жөнүндө кыскача маалымат
Түркмөнстанда Жахабанын Күбөлөрү 1980-жылдардын аяк ченинен бери бар. Өкмөт Советтер Союзунан бөлүнүп, 1991-жылы октябрда көз карандысыз мамлекет болгондон кийин дин тутуу эркиндигин катуу чектей баштаган.
Жахабанын Күбөлөрү Түркмөнстанда расмий түрдө катталган эмес. Диний көз карашын билдиргени үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдарын сабап, себепсиз камап, үйлөрүн тинтип, түрмөгө отургузуп, айып пул салып келишет. Полиция ойлоп тапкан жалган айыптардын негизинде түрмөгө камалган учурлар да кездешет. Түркмөнстанда альтернативалык жарандык кызмат жок болгондуктан, өкмөт абийиринен улам аскер кызматын өтөөдөн баш тарткан Жахабанын Күбөсү болгон уландарды куугунтуктап, жазага тартып келет. Бул маселе боюнча Жахабанын Күбөлөрү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жана башка эл аралык уюмдарга кайрылган.
2014-жылдын октябрында Түркмөнстандын Президенти адилетсиз түрдө камалган сегиз Жахабанын Күбөсүнө мунапыс жарыялаган. Жахабанын Күбөлөрү Түркмөнстан өкмөтүнө ушундай чечим чыгарылганы үчүн ыраазычылык билдирген. Алар өкмөттүн дин тутуу эркиндигин коргоо үчүн мындан ары да иш-аракет кыла берерине үмүттөнүшөт.