Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 16-МАЙ
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстандагы Мансур Машарипов абактан бошотулду

Түркмөнстандагы Мансур Машарипов абактан бошотулду

2017-жылдын 12-майында Түркмөнстан өкмөтү Мансур Машариповду түрмөдөн бошотту. Ал акыркы жолу түрмөдө бир жылдай убакыт отурган. Азыр бошонуп үй-бүлөсү менен жолукканына абдан сүйүнүп жатат.

Машарипов мырза абийири жол бербегендиктен аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткан. 2004-жылдын май айында Дашөгүз шаардык соту аны Сейдидеги түзөтүү-эмгек абагына 18 айга кесип жиберген. Ал шарты абдан оор, оору, зордук-зомбулук күч алган абак катары белгилүү. Машарипов мырзанын ден соолугу өтө начарлап кетсе да, камактан 2005-жылдын май айында жарыяланган мунапыстын негизинде бошотулган. 2014-жылдын июль айында полиция кызматкерлери анын үйүнө кирип барып, тинтүү жүргүзүп, диний адабияттарын алып кеткен. Полиция кызматкерлери аны бир нече жолу катуу сабап, кыйнап, коркутушкан. Машарипов мырза ошондон улам абактан качып кетип, 2016-жылдын 30-июнунда кармалганга чейин жашынып жүргөн.

Жахабанын Күбөлөрү Машарипов мырзаны бошоткону үчүн бийликтегилерге абдан ыраазы. Бирок алар Түркмөнстандагы Жахабанын Күбөлөрүнө диний иштерин эркин жүргүзүүгө тыюу салган катуу чаралардын көрүлүп жатканына тынчсызданууда. Жахабанын Күбөлөрү Бахрам Хемдемовду да бошотууга аракет кылып жатышат. Анын Сейдидеги абакта отурганына үчүнчү жыл кетти. Ал өз үйүндө сыйынууга арналган жолугушууну өткөрүп жатканы үчүн кесилип кеткен.