Мазмунун көрсөтүү

14-СЕНТЯБРЬ, 2016-ЖЫЛ
ТҮРКМӨНСТАН

Ашхабаддагы сот Мансур мырзаны жалган айып менен түрмөгө камады

Ашхабаддагы сот Мансур мырзаны жалган айып менен түрмөгө камады

2016-жылдын 30-июнунда Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабаддагы сейил бактан полиция кызматкерлери Мансур Машариповду кармап кетишкен. Ал Жахабанын Күбөсү болгону үчүн, полиция кызматкерлери 2014-жылдан бери артынан сая түшүп, аңдып жүрүшкөн. Бир полиция кызматкери 32 жаштагы Мансур мырзаны аябай катуу сабаган. Бирок Мансур мырзага полиция кызматкерин сабады деген айып коюлган. Мансур мырзаны диний иштерге катышканы үчүн ага чейин да катуу сабап, кордошкон болчу. 2016-жылдын 18-августунда Түркмөнстан өкмөтүнүн соту аны бир жылга жалпы режимдеги түрмөгө камоого буйрук чыгарган. Мансур мырза чыгарылган чечимге макул эмес экенин билдирип, доо-арыз менен кайрылды.