Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 10-НОЯБРЬ
ТҮРКМӨНСТАН

Абактагы Жахабанын Күбөлөрү мунапыска илинбей калды

Абактагы Жахабанын Күбөлөрү мунапыска илинбей калды

2016-жылдын 25-октябрында Түркмөнстандын президенти мунапыс жарыялап, абактагы 1 500дөн ашуун кишини бошоткон. Бирок Сейди шаарындагы ЛБК-12 абагында отурган Бахрам Хемдемов менен Мансур Машарипов аттуу эки Жахабанын Күбөсү мунапыска илинбей калган.

Бахрам Хемдемов 2015-жылдын март айында Түркменабадда Кудайга сыйынуу максатында анын үйүндө өткөрүлгөн жолугушууну алып барып жатканы үчүн камакка алынган. Түркмөнстандын соту ага мыйзамсыз түрдө диний жолугушууну өткөрдү деген айып тагып, төрт жылга кесип жиберген. Ал эми Мансур Машарипов Ашхабад шаарында 2016-жылдын июнь айында жалган айып менен бир жылга кесилген. Бул эки ишенимдешибиздин үй-бүлөсү жана дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү алардын мунапыска илинбей калганына капа болууда. Бирок эмки жолку мунапыска илинип калаттыр деп үмүттөнүүдө.