Мазмунун көрсөтүү

Бахрам менен аялы Гульзира

24-ОКТЯБРЬ, 2016-ЖЫЛ
ТҮРКМӨНСТАН

Бахрам Хемдемов кийинки мунапыс жарыяланганда бошотулабы?

Бахрам Хемдемов кийинки мунапыс жарыяланганда бошотулабы?

2016-жылдын февралында Түркмөнстан өкмөтү мунапыс жарыялап, түрмөдө жаткан жүздөгөн кишилерди бошотту. Бирок Бахрам Хемдемов бошотулган жок. Мунапыс жарыялангандан кийин үч айга жетпеген убакыттын ичинде Түркмөнстандын Жогорку Соту Бахрам Хемдемовдун кылмыш-жаза жоопкерчилигине байланыштуу көзөмөлгө алынуучу даттануусун кароодон баш тарткан. 2016-жылдын 15-августунда Хемдемовдун жактоочусу БУУнун Адам укуктары боюнча комитетке доо-арыз менен кайрылган.

Түркменабаддагы Жахабанын Күбөлөрү диний ишеними үчүн куугунтукталып жатышат

2015-жылы мартта Бахрам мырзаны Түркменабаддагы үйүндө ишенимдештери менен диний жолугушууда отурган жеринен кармап кетишкен. Полиция кызматкерлери уруксат кагазы жок эле анын үйүн тинтип, буюм-тайымдарын тартып алышкан, ошондой эле үйүндө отургандарды сабашкан.

Бахрам мырзанын жактоочусу: «Полиция кызматкерлери Түркменабаддагы Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүү максатында Бахрам Хемдемовду өтө катуу сабашкан»,— деп айткан. Өкмөттүн өкүлдөрүнүн катаал мамилесине карабай Бахрам мырза Кудайга болгон ишениминен баш тарткан жок.

Бошотулушу мүмкүнбү?

Жахабанын Күбөлөрү Түркмөнстандын өкмөтү Бахрам мырзаны жакын арада түрмөдөн бошотот деп үмүттөнүүдө. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кийинки мунапыста Бахрам мырзаны түрмөдөн бошотсо, абдан жакшы болмок.

Бахрам мырзанын жубайы Гульзира жана алардын төрт баласы аны аябай сагынып жатышат. Ишенимдештери да анын кайтып келишин абдан күтүүдө. Түркмөнстандагы Жахабанын Күбөлөрү өкмөттөн Кудайга сыйынуу үчүн чогулуп турууга тоскоолдук кылбашын, жолугушуу маалында эч ким алардын тынчын албашын көптөн көп өтүнөт.