Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-ИЮЛЬ
ТҮРКМӨНСТАН

Түркмөнстан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимдерин жүзөгө ашырабы?

Түркмөнстан БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимдерин жүзөгө ашырабы?

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети чыгарган акыркы 10 чечимде Түркмөнстан өкмөтү жарандарынын укуктарын коргоо милдетин аткарууга чакырылган a. 2015 жана 2016-жылдары чыгарылган чечимдерде өкмөт абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды жазалаганын токтотушу керектиги жазылган. Түркмөнстан БУУнун Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактыга кол койгон өлкө болгондуктан, чечимдердеги талаптарды аткарууга тийиш.

Жахабанын Күбөлөрү бузулган укуктарынын калыбына келерине үмүттөнүүдө

Адам укуктары боюнча комитеттин чечимдери абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн жазаланган 10 Жахабанын Күбөсүнүн 2012-жылы жазган арыздарынын негизинде чыгарылган. Алардын тогузунун катаал шарттардагы түрмөлөргө камалып, уруп-сабалганы, кордолгону билдирилген. Ошондой эле көп киши камалган, кир камераларда отурушкан жана жугуштуу ооруларды жугузуп алышкан.

Комитет ар бир чечиминде Түркмөнстан абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын «ой, абийир, дин тутуу эркиндигин» тебелеп жатат деген тыянакка келген. Ошондой эле Түркмөнстан өкмөтүнүн түрмөгө камалган 9 Жахабанын Күбөсүнө «адамгерчиликтүү мамиле кылбай, кадыр-баркын сыйлабаганын», тескерисинче, «мыкаачылык менен сабап, адам чыдагыс ыкмаларды колдонуп жазалаганын» билдирген.

Комитет Түркмөнстан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн бузулган укуктарын калыбына келтириш үчүн алардын соттолгондугун жоюшу, тийиштүү компенсация төлөп бериши, «абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандардын укугун коргоо максатында» мыйзамга өзгөртүү киргизиши керектигин баса белгилеген. Андан тышкары, өкмөттү Жахабанын Күбөлөрүнө жаман мамиле кылынган жагдайларды калыс жана кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга үндөгөн.

Абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандыгы үчүн жазага тартылган дагы беш Жахабанын Күбөсү 2013-жылы Комитетке доо арыз менен кайрылган. Жактоочулар алардын ишине байланыштуу чечим ага чейин кайрылган 10 Жахабанын Күбөсүнүкүнө окшош болоруна үмүттөнүүдө.

Катуу жазаланган Навруз Насырлаев

Навруз Насырлаев

Адам укуктары боюнча комитет 2016-жылдын 15-июлунда Навруз Насырлаевга байланыштуу чечим чыгарган. Навруз Насырлаев аскердик кызматка биринчи жолу 18 жашында, 2009-жылдын апрель айында, чакырылган. Ал бийлик өкүлдөрүнө абийири аскердик кызматты өтөөгө жол бербей турганын, бирок альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин билдирген. Кийинчерээк ал аскердик кызматтан баш тартты деген айып менен 2 жылга кесилип, Сейди шаарындагы ЛБК-12 түрмөсүнө камалган. Ал жактан аны улам-улам жазалоо камерасына отургузуп, бет кап кийген түрмө сакчылары катуу сабашкан.

Навруз Насырлаев түрмөдөн чыккандан бир ай өткөндөн кийин, 2012-жылдын январь айында, кайрадан аскердик кызматка чакырылган. Ал альтернативалык жарандык кызматты өтөөгө даяр экенин дагы бир ирет түшүндүрүп берген. Бирок аны кайра эле баягы айып менен дагы эки жылга кесип, «катуу режимдеги» жана катаал шарттагы түрмөгө камашкан. Аны түрмө кайтаргандар мурункудай эле катуу сабап, кадыр-баркын тепселей турган жумушту аткарууга мажбур кылышкан.

Насырлаев мырзанын үй-бүлөсү да жапа чеккен. Комитет тийиштүү иш-аракет кылынышы үчүн анын доо арызын Түркмөнстан өкмөтүнө жөнөткөн. Ошондон кийин, кыязы, Насырлаев мырза арыз жазганы үчүн анын Дашөгүз шаарында жашаган үй-бүлөсүнө полиция кызматкерлери барып тинтүү жүргүзүп, анын үй-бүлөсүнө жана үйүндөгү конокторго аябай жаман мамиле кылышкан.

Насырлаев мырза 2014-жылдын май айында түрмөдөн чыкса да, соттолгондугунун кесепетин азыркыга чейин тартып келет. Комитет анын аябай жаман мамилеге дуушар болгонун жана абийирине ылайык иш кылганы үчүн бир эле айыптын негизинде эки жолу соттолгонун баса белгилеген. Комитет мындай деп жыйынтыктаган: «[Насырлаев мырза] аскердик кызмат өтөө парзынан диний ишениминин негизинде баш тарткан,.. [ошондой эле анын] айыпталып, кесилип кеткени ой, абийир жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берген укугун бузгандыкка жаткан».

Түркмөнстан өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө жакшыраак мамиле кылабы?

Комитет Түркмөнстандагы адам укуктарынын корголушуна байланыштуу 2012-жылдагы отчётунда Түркмөнстан өкмөтүн «абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга каршы иш козгоону токтотууга жана учурда ушул айып менен түрмөдө отургандарды бошотууга үндөгөн». Түркмөнстан өкмөтү бул чечимди жарым-жартылай жүзөгө ашырып, 2015-жылдын февраль айында абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөдө отургандардын акыркысын бошоткон. Ошондон бери абийиринен улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан бир да Жахабанын Күбөсү түрмөгө кесилген эмес.

Ошентсе да Түркмөнстан өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга каршы кылмыш ишин козгоону, аларды жазага тартууну улантып, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык милдеттенмесин бузууда.

  • Түркмөнстан өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүн 2014-жылдан бери түзөтүү эмгек жазасына тартууда. Жазанын ушул түрү Жахабанын Күбөлөрүн 1 жылдан 2 жылга чейинки убакыт аралыгында айлык акысынын 20 пайызын өкмөттүн казынасына төгүп турууга милдеттендирет. Учурда эки Жахабанын Күбөсү түзөтүү эмгек жазасына тартылган.

  • Айрым учурларда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарды ишенимине каршы иш кылууга мажбурлаш үчүн бийлик өкүлдөрү аларга катуу кысым көрсөтүшкөн.

Артур Янгибаев

Мисалы, 2016-жылдын 16-июнунда жергиликтүү сот кызматкери менен аскер комиссариатынын эки өкүлү Жахабанын Күбөсү болгон жана альтернативалык жарандык кызматты өтөөнү суранып, кат жүзүндө өтүнүч менен кайрылган Артур Янгибаевдин үйүнө барышкан. Алар аны айыптоочунун кеңсесине алып барып, аябай катуу кысым көрсөтүп, мурунку өтүнүчүнөн баш тартканын билдирген кат жазууга мажбурлашкан. Кийинчерээк Янгибаев мырза катуу кысым көрсөтүлгөндүктөн ушундай кат жазганын билдирип даттанган. Ал тергөө камак жайында үч жума отургандан кийин бошотулуп, 2 жылга шарттуу соттолгон b.

Укуктардын бузулганына байланыштуу чечилбеген башка көйгөйлөр

Түркмөнстан өкмөтү абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандарга туура эмес мамиле кылгандан тышкары, диний иштерге чектөө коюп, андай иштер менен алектенгендерди жазалоодо. БУУнун кыйноого каршы комитети 2017-жылдын январь айындагы отчётунда Түркмөнстан өкмөтүнө кайрылып, аны «Жахабанын Күбөлөрүнүн — 2015-жылдын май айында камалып, мыкаачылык менен жазаланган Бахрам Хемдемовдун, [ошондой эле] 2014-жылдын июль айында кармалып, катуу сабалган жана баңгилерди дарылоо борборуна эрксиз түрдө жаткырылган Мансур Машариповдун — иштерин тезинен карап, иликтөө иштеринин калыстык менен жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөгө» үндөгөн. Машарипов мырза түрмөдө бир жыл отургандан кийин бошотулган. Экөө тең — уруксатсыз диний иштер менен алектенген деген айып менен соттолгон Хемдемов мырза жана диний иштерди жүргүзгөнү үчүн жалган айып менен түрмөгө камалган Машарипов мырза — мыйзамга каршы келген иштерди кылышкан эмес.

Түркмөнстандагы Жахабанын Күбөлөрү өкмөттүн жакында дин тутуу жана абийир эркиндигин колдогон чечимдердин чыгарылышына өбөлгө түзө турган иш-чараларды көрөрүнө жана жогоруда айтылган иштер калыстык менен чечилерине үмүттөнүүдө. Өкмөттүн мындай иш-чаралары абийирине жетектелгендердин кадыр-баркын сыйлаарын жана жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү үчүн чынчылдык менен иш жүргүзөрүн көрсөтөт.

a Эл аралык мыйзамда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тартуу укугу адамдын негизги укуктарынын бири экени айтылат жана көптөгөн өлкөлөрдүн негизги мыйзамдарында буга кепилдик берилет. Бирок Түркмөнстанда, Азербайжанда, Эритреяда, Сингапурда, Түштүк Кореяда жана Түркияда абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткан Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктары бузулуп келет. Ал эле эмес, аларга каршы кылмыш иши козголуп, куугунтукка туш болуп жатышат.

b Шарттуу соттоо — сыноо мөөнөтү белгиленген жазалоо чарасынын бир түрү. Шарттуу соттолгон кишинин жазасы кийинкиге жылдырылат же жазанын ордуна эркинен ажыратылат. Янгибаев мырза жазасын түрмөдө өтөгөн жок, бирок полиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө болууга тийиш.