Мазмунун көрсөтүү

Расул Розбаев

23-МАРТ, 2021
ТҮРКМӨНСТАН

21 жаштагы Расул Розбаев колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу түрмөгө камалды

21 жаштагы Расул Розбаев колуна курал алуудан баш тартканы үчүн экинчи жолу түрмөгө камалды

Өкүм

 2021-жылдын 16-мартында Түркмөнстандын соту Расул Розбаевдин ишине байланыштуу чечимин жарыялады. Ал абийири жол бербегендиктен аскерге баруудан баш тартканы үчүн эки жылга түрмөгө кесилди. Бул анын бейтараптуулук сактаганы үчүн экинчи жолу соттолушу.

Жеке маалымат

 Расул Розбаев

  •  Туулган жылы: 1999 (Халланг)

  •  Кыскача таржымалы: Эки улуу эжеси жана бир иниси бар. Мектепти бүтүргөндөн кийин чач тарач болуп иштеш үчүн окууга тапшырган. Футбол, волейбол ойногонду, сууда сүзгөндү жакшы көрөт

     Ата-энеси ал кичинекей кезинде эле Жахабанын Күбөсү болушкан. Расул 2013-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

 2017-жылы, 19-декабрда Расул Розбаев колуна курал алуудан баш тартканы үчүн биринчи жолу соттолгон. Ал эки жылга түзөтүү абагына жөнөтүлгөн. Жаза мөөнөтү бүткөнчө ага бөлүнүп берген жерди иштетип, буудай өстүргөн. Алган түшүмүнүн 20 пайызын өкмөткө төгүп турган. Ага бөлүнүп берилген жер үйүнөн аябай алыс болчу. Унаасы жок болгондуктан ал жакка жөө барып келчү.

 Түркмөнстандын мыйзамына ылайык, аскерге барууга абийири жол бербегендер экинчи жолу соттолушу мүмкүн. Ошол себептен 2020-жылдын 22-апрелинде Расул кайрадан аскер бөлүгүнүн кеңсесине чакырылган. Ошондон тартып көп ай бою аны кайра-кайра чакыртышкан, суракка алышкан жана медициналык текшерүүдөн өткөрүшкөн. Куугунтукталарын да айтып коркутушкан. Акыры, 2021-жылдын 22-январында анын иши айыптоочуга өткөрүлүп берилген.

 Расулга аныкындай кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан ишенимдештеринин үлгүсү кайраттуу болууга жардам берген. «Алардын үлгүсү мага Жахабага таянууга,.. ошондой эле шаабайымды суутпаганга түрткү берип жатат. Ишенимдүү бойдон калсам, Жахабаны да, Исаны да кубантам»,— дейт Расул. Анын соттолушу үй-бүлөсүнө да таасир этпей койгон жок. Ушундай оор учурда туруктуу болгонго эмне жардам берип жатканы жөнүндө Расулдун апасы мындай деп бөлүшкөн: «Ыйык Китептен окуганымдай жана биздин уюмдун видеолорунан көргөнүмдөй, кыйынчылыкка биз эле туш болуп жаткан жокпуз. Башка ишенимдештерибиз да ар кандай сыноо менен алпурушуп жатышат. Ошентсе да туруктуулугунан жазбай келишет. Алар жөнүндө ойлонуп, мен да чыдаганга бел байлап жатам».

 Расулду Забур 37:23, 24төгү сөздөр сооротот. Жахабанын жардамы менен ал жана башка кайраттуу жаш ишенимдештерибиз берилгендигинен жазбай, ишенимин бек сактап, кубанычын жоготпой турганына бекем ишенебиз.