Мазмунун көрсөтүү

Чонжу райондук соту жакында эле актаган беш корей бир тууганыбыздын үчөө

2019-ЖЫЛ, 23-ЯНВАРЬ
ТҮШТҮК КОРЕЯ

«Айыпсыз»

Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу сот абийиринен улам аскерден баш тарткандарды толугу менен актады

«Айыпсыз»

Түштүк Кореянын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик айыптоочулар апелляциялык соттон абийиринен улам аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткан 5 бир туугандын ишин карап, айыпсыз деп табышын өтүндү. Натыйжада сот бир туугандарыбызды актап, ишин жапты. Мындай чечимдер бир туугандарыбызды аскердик кызматтан качып жатат деп айыптаган төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин жокко чыгарды.

Бир туугандарыбызды айыпсыз деп ырастаган чечимдер 2018-жылдын 14-декабрында жарыяланды. Бул Кореянын ар кандай баскычтагы сотторунда иши убактылуу токтотулган 900дөн ашык бир туугандын акталышына негиз берери айкын. Акталып чыккан бир туугандарыбыз аскердик милдеттин ордуна бериле турган альтернативалык жарандык кызматты күтүшөт.

Апелляциялык сот чечимдерин Кореянын Конституциялык жана Жогорку сотунун 2018-жылы чыгарган эки маанилүү чечимине негиздеди. Ал чечимдер 65 жылдан бери келаткан саясаттын — аскер кызматын өтөөдөн, атүгүл олуттуу диний себептерден улам баш тарткандардын баарын автоматтык түрдө түрмөгө камоо саясатын — жокко чыгарган эле.

Кореянын Конституциялык жана Жогорку соту ар бир адам аскерде кызмат өтөөнү же өтөбөөнү дин тутуу эркиндигинин негизинде чечүүгө укугу бар экенин тааныган. Бул чечимдер адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардын мактоосуна татыды. Кореянын Адам укуктары боюнча улуттук комиссиясы мындай деди: «Жогорку сот бир добуштан колдогон бул тарыхый чечим 1950-жылдардан бери уланып келаткан жана абийири аскер кызмат өтөөгө жол бербеген 20 000дей кишинин кылмышкер катары жазаланышына себеп болгон саясатты жокко чыгарды... Биз абийиринен улам аскерге баруудан баш тартканы үчүн көп азап тарткандарга жана алардын үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдиребиз».

Азыр аскердик кызматты өтөөгө абийири жол бербегендер «Кудайга чын жүрөктөн, бекем» ишенгендиктен аскердик кызматтан баш тартып жатканын далилдеп берүүгө чакырылат. Сотторго абийиринен улам аскерден баш тарткандардын Кудайга чындап берилген адам экенин көрсөткөн далилдерди издөөгө көрсөтмө берилген. Жогорку соттун айтканына ылайык, «андай адамдын Кудайга бекем ишенери жашоосунун бардык тармагына... зор таасир этиши керек». Ага-инилерибизге соттордун текшерүү үчүн берген суроолоруна жооп берип жатканда согушка жана аскерге баруудан өз эрки менен баш тартып жатканын далилдеп берүүгө сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт (1 Петир 3:15).

Алтымыш жылдан ашык убакыттан бери Кореядагы Жахабанын Күбөлөрү абийири жол бербегендиктен аскерден баш тартканы үчүн түрмөлөргө камалып келишкен. Алардын туруктуулугунун аркасында Кудайдын эли: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деген экинчи маанилүү осуятка бүт жүрөгү менен баш ийгиси келгендиктен бейтараптуулукту сактаары далилденди (Матай 22:39).