Мазмунун көрсөтүү

12-ДЕКАБРЬ, 2019
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көмүскөдө калган тарыхы жөнүндөгү көргөзмө

Кореядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көмүскөдө калган тарыхы жөнүндөгү көргөзмө

2019-жылы, 12-ноябрдан 13-декабрга чейин Түштүк Кореянын калкынын саны боюнча экинчи орунда турган Пусан шаарындагы улуттук музейде коомго көп белгилүү болбогон тайманбас Жахабанын Күбөлөрүнө арналган көргөзмө өткөрүлдү. «Өздөрүнүн абийирин эмес, тарыхты өзгөрткөндөр» деп аталган ал көргөзмө жапон баскынчылыгы алдында кысымга алынгандардын урматына ачылган улуттук музейде уюштурулду. Анда 80ден ашуун жыл мурун Корея Жапониянын колониясы болуп турган кезде жана андан кийинки мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн куугунтук учурунда бейтараптуулук сактаган Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы көрсөтүлдү.

Бул көргөзмө биринчи жолу 2019-жылы, сентябрда Сеул шаарындагы Содэмун түрмөсүнүн тарыхый музейинде a өткөрүлгөн. Ага баары биригип 51 175 киши барган. Анын ичинде Сеулда өткөрүлгөн эл аралык жыйынга келген 5 700 ишенимдешибиз да бар.

Жахабанын Күбөлөрүнө жана Ыйык Китептеги кабарга кызыккан адамдарга каршы жүргүзүлгөн «Тынтэса» (корейчеден «„Маяк“ коому» деп которулат. Ошол убакта бийликтегилер «Күзөт мунарасы» коомун ушинтип атачу) деген операция 1939-жылдын июнунан 1945-жылдын августуна чейин уланган. Куугунтукталгандар императорго сыйынуудан баш тартууда жана өкмөткө каршы үгүттөгөн, согушка барбоого үндөгөн адабияттарды таратууда деген айып менен камалган. Ошондо 66 киши — Кореяда жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн дээрлик баары — түрмөгө түшкөн. Ал ишенимдештерибизди катуу кысымга алып, аябай кыйнашкан. Ошолордун ичинен алты Жахабанын Күбөсү түрмөдөгү катаал шарттардан улам ооруп, көз жумган.

Түштүк Кореядагы филиалдын жалпыга маалымат берүү үстөлүндөгү иштерге жооптуу Дэ-ил Хоң мындай деген: «Кореядагылардын көбү абийиринен улам аскердик кызмат өтөөдөн баш тарткандардын укугуна байланыштуу көйгөй 80 жыл мурун — Жапония баскынчылык кылып турган маалда эле — башталганын билишпейт. Бул атайын көргөзмөнүн аркасында коомчулук биринчи жолу ошол өзгөчө тарых тууралуу маалымдар болду».

Көргөзмөнүн ачылыш аземине катышкан Хан Хон-ку деген тарыхчы жана профессор ишениминен жазбаган ал адамдар тууралуу мындай деп айткан: «Алар абийирге кулак кагып, ишенимди бекем сактоо жагынан мыкты үлгү калтырышкан деп айтууга болот... Коомчулук абийирине ылайык иш кылгандарды, биринчи кезекте Жахабанын Күбөлөрүн, урматтап-сыйлап, эскериши керек».

Көргөзмөгө тарыхчылар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аябай кызыгышты. Мунун аркасында акыркы жылы Түштүк Кореяда көптөрдүн бүйүрүн кызыткан маселе тууралуу — абийири жол бербегендиктен аскер кызматынан баш тарткандар тууралуу — кененирээк маалымат берүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. 2018-жылы, 28-июнда Кореянын Конституциялык соту өлкөдө альтернативалык жарандык кызматтын жоктугу Конституцияга каршы келет деп жарыялаган. Ошондон төрт эле ай өткөндөн кийин, 1-ноябрда, Жогорку сот абийиринен улам аскерден баш тарткандар кылмышкер катары эсептелбейт деген чечим чыгарган. Ушундай чечимдердин аркасында Түштүк Кореяда диний ишениминен улам аскердик кызматтан баш тартканы үчүн түрмөдө отурган ишенимдештерибиз азаттыкка чыккан. Ошондой эле альтернативалык жарандык кызматка байланыштуу мыйзам чыгарылышына жол ачылган.

Ошол кездеги тайманбас, ишеними күчтүү корей бир туугандарыбыздын тарыхы баяндалган бул көргөзмө: «Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм. Пенде мага эмне кыла алат?» — деген кайрат берерлик сөздөрдү эсибизге салып турат (Забур 118:6).

a Музей болгонго чейин бул имарат түрмө катары колдонулган. Жапон баскынчылыгы убагында Жахабанын Күбөлөрү так ушул түрмөдө отурушкан. Ошондой эле ал жакка 1960—1980-жылдары абийиринен улам аскердик кызматтан баш тарткан ишенимдештерибиз камалган.

 

Содэмун түрмөсүнүн тарыхый музейи (Сеул). Көргөзмө биринчи жолу 2019-жылы, сентябрда ушул жерде өткөрүлгөн

«Тынтэса» операциясына арналган көргөзмөнү көргөнү келген окуучулар. Жалпысынан ага 51 175 киши келген

Көргөзмөгө коюлган бир кездеги ушул түрмөнүн кароол мунарасынын макети

Тар камерада отурган беш кишинин сөлөкөтү. Бул Жахабанын Күбөлөрүнүн кандай шарттарда отурганын көрсөтүш үчүн жасалган

Көргөзмө жапон баскынчылыгы алдында кысымга алынгандардын урматына ачылган улуттук музейде (Пусан) өткөрүлдү

Көргөзмөнүн соңунда көрсөтүлгөн, бейтараптуулук сактаганы үчүн куугунтукталган 66 Жахабанын Күбөсүнүн айрымдарынын тарыхы баяндалган жана сүрөтү тартылган такталар