Мазмунун көрсөтүү

Жогорку сот укугун тааныган ишенимдештерибиз: Нам Ён-ву (солдо), Ли Чон-Хён (ортодо), Нам Та-хи (оңдо). Алар Жахабанын Күбөсү болгонго чейин аскерде кызмат өтөп, кийин көп жолу ар кандай жазага тартылышкан

3-МАРТ, 2021
ТҮШТҮК КОРЕЯ

Кореянын Жогорку соту резервдеги аскерлер өтчү даярдыктардан баш тарткандардын укугун коргоду

Кореянын Жогорку соту резервдеги аскерлер өтчү даярдыктардан баш тарткандардын укугун коргоду

 2021-жылдын 28-январында Корея өкмөтүнүн Жогорку соту диний көз карашынан улам резервдик аскер күчтөрүндө кызмат өтөөдөн баш тартуу кылмыш болуп саналбай турганын жарыялады. Эми Жахабанын Күбөсү болгонго чейин аскерде кызмат өтөгөн ишенимдештерибиз аскердик даярдыктардан баш тартканы үчүн жазага тартылбайт.

 Кореянын мыйзамы боюнча, мурда аскерде кызмат кылган эркектердин баары маал-маалы менен 8 жыл аскердик даярдыктардан өтүп турушу керек. Ушундан улам Жахабанын Күбөсү болгонго чейин аскерде кызмат өтөгөн ишенимдештерибиз аскердик даярдыктан өтүүгө чакырылчу. Андан баш тарткандар көп жолу жазага тартыла турган. Алсак, бир ишенимдешибиз бир жылдын ичинде эле 60 жолу полицияга, прокуратурага чакыртылган, соттолгон жана далай жолу ар кандай сотторго кайрылган.

 Негизи, 2018-жылы Кореянын эки жогорку соту — Конституциялык сот жана Жогорку сот — абийири жол бербегендиктен аскердик кызматтан баш тартуу кылмышка жатпай турганын жарыялап, альтернативалык жарандык кызматтын киргизилишине жол ачкан. Бирок ал эки сот резервдик аскер күчтөрүнө байланыштуу мыйзамды караган эмес. Ал мыйзамга ылайык, диний көз карашынан улам резервдеги аскерлер өтчү даярдыктардан баш тарткан эркектер жазаланууга тийиш болчу.

 Бактыга жараша, жакында эле Жогорку сот абийири жол бергендиктен резервдик аскер күчтөрүндө кызмат кылуудан баш тарткандардын укугун тааныды. Сот майданында көптөн бери салгылашып келаткан ишенимдештерибиз эми айып пул төлөөгө милдеттендирилбейт, түрмөгө да камалбайт. Анын ордуна, алар альтернативалык жарандык кызматты өтөшөт. Укугу үчүн күрөшкөн ошол ишенимдештерибиздин бири Нам Та-хи: «Акыркы сегиз жылдын ичинде далай жолу сот алдына бардым. Акыры, укугум корголду. Азыр үстүмөн оор жүк түшкөндөй жеңилдеп калдым»,— деп бөлүштү.

 Ушундай чечимдин чыкканына баарыбыз сүйүнүп жатабыз. Биз «Кудай алдында абийирин таза сактоону каалагандыктан кыйынчылык тартып, адилетсиз түрдө азап чегип келген» ишенимдештерибиз менен бирге Жахабага ыраазычылык билдиргибиз келет (1 Петир 2:19).